Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025–жылдын 28-январы № 26/3
“Сын Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде администативдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №54 «Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин» 51-беренесинин 2-пунктуна ылайыкжана «Жергиликтуу мамлекеттик администация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Сын-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сын Таш айыл аймагындагы айрым категориялары үчүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана мекемелерге төмөнкө эсеп боюнча 2000,0 млн сом субсидия иретинде берилсин:
1.1. Аз камсыз болгон үй бөлөөлөр үчүн – 65 түтүн, 339 адам
мусор- 65х100х12=78000с
таза суу -339х25х12=101700
1.2. пенсионерлер – 1273
мусор-1273х30х12=457200
таза суу- 1273х25х12=381900
1.3. майыптар – 453 адаманын ичинен 85 балдар
мусор – 453х30х12=163100
таза суу – 453х25х12=135900
1.4. Социалдык объекттер
Мусор – 8 *300 *12= 28800
Таза суу - 653400
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
4. «Сын-Таш» айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Султанова М. К.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттодон өткөрсүн.
- ушул токтомдун кочурмосун Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учун Юстиция министрлигинин тиешелуу аймактык бөлүмүнө жиберилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Сын-Таш айыл аймагынын каржы бөлүм башчысы Ы.Дуйшебаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Кучкачев М.Ш. |