Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-июлу № 154
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
147-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде депутаттын эл аралык милдеттенмелерге ылайык жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде, тармактык комитет менен макулдашуусуз жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |