Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025–жылдын 28-январы № 31/4-29
Сын-Таш айыл аймагындагы ирригация системаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, Сын-Таш айылаймагындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановдун суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы:
1). “Юрьевка-Суу”, “Жетиген-Суу”, “Өтөгөн-Суу”, “Тогуз Ак-Суу” пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
2). “Юрьевка-Суу”, “Жетиген-Суу”, “Өтөгөн-Суу”, “Тогуз Ак-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттасын.
3). Ирригациаялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү К.Асановго жүктөлсүн
Төрага: |
| М.Ш. Кучкачев |