Редакцияот 21.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VIII сессиясы

 

2025-жылдын 21-июль

Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылына ФАП курууга өздүк салымга 663875 (алты  жүз алтымыш үч  миң сегиз жүз жетимиш беш) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө.

 

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VIII -cессиясы

 

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылына ФАП курууга сунушталып жаткан долбоорго “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна өздүк салымга 663 875 (алты жүз алтымыш үч миң сегиз жетимиш беш) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.    Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Тѳрага:

 

Ч. Азимжанов