Загрузка документа…
|
|
|
Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) капиталдык салымдарга каралган каражаттардын эсебинен республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун түзүү жана ишке ашыруу тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоору – милдети негизги фонддорду түзүү же кайра түзүү болуп саналган капиталдык салымдарды ишке ашыруу боюнча иш-чара;
2) капиталдык салымдар – негизги фонддорду түзүүгө жана кайра түзүүгө багытталган бюджеттик каражаттар:
– жаңы объекттерди курууга, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгууга;
– мамлекеттик (муниципалдык) органдардын жайларын техникалык жабдууга;
– машиналарды, жабдууларды жана башка техникаларды сатып алууга;
3) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекти – капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн (реконструкцияланган) имараттар, курулуштар жана курулмалар (административдик имараттар, инженердик-техникалык курулмалар, автомобиль жолдору);
4) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттеринин мамлекеттик заказчылары – объекттерди курууга, капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого, ошондой эле капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттери үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого ыйгарым укук берилген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (мындан ары – БКБТ);
5) мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары – МКО) – пайыздык кирешеси (купону) бар узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар;
6) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттеринин заказчы-куруучулары:
– бюджеттик мекемелер, анын ичинде курулуп жаткан объекттердин уюмдарынын;
– мамлекеттик заказчынын карамагында турган уюмдар;
– капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө барабар болгон нарктагы бул уюмдардын акцияларын (үлүштөрүн) мамлекеттин менчигине сатып алуу шарттарында же кайтарымдуу негизде бюджеттик инвестицияларды алуучу мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар;
– капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялар объектисинин заказчысы-куруучусу функцияларын аткарууга БКБТ тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар.
3. Капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестицияларды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүп берилет.
2-глава. Капиталдык салымдар түрүндө
ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун
тизмегин түзүү жана бекитүү
4. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жыл сайын белгиленген тартипте мамлекеттик заказчылардын (БКБТ) өтүнмөлөрүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тапшырмалары боюнча каржылоо булагын аныктоо менен капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин бекитет.
Ошондой эле Тизмекке киргизүү үчүн сунуштар катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдери жана курултайдын мүчөлөрүнүн кайрылуулары каралат.
5. Тизмекке артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөр киргизилет:
1) учурдагы жылда бүткөрүлүүгө тийиш болгон объекттер;
2) курулуш даярдыгы жогору болгон объекттер;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бардык зарыл корутундулары бар авариялык объекттер жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан объекттер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тапшырмаларында аныкталган объекттер.
Тизмек республикалык бюджеттин чыгымдарынын административдик, функционалдык жана экономикалык классификациясын сактоо менен ар бир мамлекеттик заказчы үчүн өзүнчө түзүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган капиталдык салымдар түрүндө республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитет жана тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам бекитилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен мамлекеттик заказчылардын муктаждыгына жараша бөлүштүрөт жана маалыматты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жиберет.
7. БКБТ инвестициялык долбоорлордун ар бири үчүн төмөнкүдөй документтердин пакетин түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
1) объекттин техникалык абалы жөнүндө маалыматтар (реконструкциялоо же капиталдык оңдоо үчүн);
2) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук документтерди бекитүү тууралуу документтер (долбоордук документтер иштелип чыкпаган болжолдонгон долбоорлордон тышкары);
3) объектти куруунун (реконструкциялоонун) сметалык наркы;
4) долбоор аяктагандан кийинки объектти камсыздоо үчүн зарыл болгон бюджеттик ресурстардын эсеби;
5) капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоого (үлүштүк каржылоодо) каралган республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, тышкы жардамдын каражаттарынын, зайымдык жана башка каражаттардын болушун ырастаган документтер;
6) объекттерди куруунун же реконструкциялоонун техникалык шарттарын макулдашуу үчүн мамлекеттик заказчы болуп саналбаган БКБТ капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет;
7) капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизүү боюнча сунуштар жана өтүнмөлөр тиешелүү бюджеттик жылдын аягына чейин каралат;
8) МКОну чыгаруу жолу менен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин реестрине киргизүү үчүн БКБТ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир объект боюнча сумманы көрсөтүү менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесин, ошондой эле товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө) түзүлгөн контракттын көчүрмөсүн жана түзүлгөн контрактка кошумча макулдашууну берет.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган капиталдык салымдар түрүндө республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитет жана бекитилген тизмекти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.
9. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине кирбеген капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор бекитилген тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен тиешелүү бюджеттик жылга сектордо бюджеттик инвестицияларды жүзөгө ашырууга ассигнованиелер көбөйгөн учурда киргизилиши мүмкүн, ошондой эле БКБТнын сунуштарына ылайык тиешелүү жылга бекитилген көлөмдүн чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүү менен ишке ашырылышы мүмкүн.
3-глава. Капиталдык салымдар түрүндө
ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду
ишке ашыруунун тартиби
10. Тиешелүү бюджеттик жылга бекитилген капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун бекитилген тизмеги мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүлөргө конкурстарды (мындан ары – конкурстар) уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик заказчылар үчүн негиз болуп саналат.
11. Мамлекеттик заказчылар (же заказчы-куруучулар) объекттерде подряддык иштерди аткарууга конкурстардын негизинде түзүлгөн келишимдерге негизденүү менен капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун көлөмүн, курулуштун бүткүл мезгили үчүн каржылоонун өлчөмдөрүн жана булактарын жылдар боюнча бөлүштүрүү менен тактайт жана такталган маалыматтарды БКБТга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
12. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоо мамлекеттик заказчылардын өтүнмөлөрүнө ылайык мамлекеттик каражаттарды даректүү бөлүштүрүүгө, каржылоонун кезектүүлүгүнө жана иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Эгерде тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда башка каралбаса, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон мурдагы жылдары кабыл алынган милдеттенмелер боюнча объекттерде аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн мамлекеттик заказчыларга кредитордук карызды тындыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттин каражаттарынын эсебинен учурдагы каржылоо үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
МКО аркылуу каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринде аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн мамлекеттик заказчыларга кредитордук карызды тындыруу мамлекеттик заказчылардын өтүнмөлөрү боюнча жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТ менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан объекттер үчүн капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзөт жана бекитет.
15. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мезгилинде объекттерди куруунун, капиталдык оңдоонун жана реконструкциялоонун наркынын кымбатташы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 651 “Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун эсебинен бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт.
4-глава. Отчеттуулук жана мониторинг
17. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-куруучулар квартал сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир объект боюнча төмөнкүдөй документтерди берет:
1) объекттин техникалык абалы жөнүндө документтер (реконструкциялоо же капиталдык оңдоо үчүн);
2) долбоордук иштерди аткарууга келишимдер;
3) объектти куруунун, капиталдык оңдоонун жана реконструкциялоонун сметалык наркын ырастаган документтер;
4) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук документтерди (долбоордук документтери иштелип чыга элек болжолдонгон долбоорлорду кошпогондо) бекитүү жөнүндө документтер жана долбоордук-сметалык документтердин (курулуш жана реконструкциялоо үчүн) аныктыгына жүргүзүлгөн экспертизалар;
5) датасын жана номерин көрсөтүү менен жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруучуну аныктоо боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол;
6) курулуштун бүткүл мезгилине капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча подряддык иштерди аткарууга келишимдер, аларда аткарылууга тийиш болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү, наркы жана аларга акы төлөөнүн тартиби, каржылоонун (кошо каржылоонун) өлчөмү жана тартиби, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу боюнча тараптардын жоопкерчилиги көрсөтүлөт;
7) капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткарылган иштердин наркы жана чыгымдар жөнүндө маалымкаттарды жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча аткарылган иштерди кабыл алуу жөнүндө актыларды, заказчылар менен курулуш иштерин аткаруучулардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн салыштыруу актыларын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген формалар боюнча (№ 3 форма боюнча) берет;
8) объектти пайдаланууга берүүнү, аны мекеменин балансына өткөрүп берүүнү жана анын баланстык наркын аныктоону ырастаган документтер;
9) ар бир объект боюнча аннотация.
18. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-куруучулар республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы, объекттердин белгиленген мөөнөттө ишке киргизилиши, аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө отчеттордун өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
19. Курулуштун техникалык шарттарынын жана ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен методикага ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо процесси долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана жетишилген жыйынтыктарды баалоо максатында долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында жарандык коомдун кызыкдар мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте БКБТ тарабынан ишке ашырылат.
21. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу бюджеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жарандык коомдун мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү мамлекеттик заказчыларга долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарына, орто аралык же акыркы натыйжаларга жетишүүгө жараша капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ишке карата сунуштама мүнөзүндөгү сунуштарды кат жүзүндө берүүгө укуктуу.
5-глава. Айкындуулук жана ачыктык
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын өзүнүн расмий сайтында социалдык-экономикалык инфраструктуранын тармактары боюнча бөлүштүрүү менен капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоо жөнүндө маалыматты жарыялап турат.