Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 3134-VII
"Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Д.А.Ашимова, Ж.П.Нурбаев, Т.Т.Мамытов, К.Л.Ханджеза, А.А.Козуев, А.Т.Маткеримов, К.А.Талиева, Т.А.Масабиров, Ы.Ы.Атажанов, А.Алтынбеков, С.А.Омурзаков, С.Рустамбек уулу, Б.А.Эргешов, А.Т.Бердиев, Б.К.Чойбеков, Э.Ш.Айдаралиев, Э.К.Абакиров, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Э.К.Кокулов, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, М.Ж.Сыдыков, Ж.М.Салымбеков, А.А.Исираилов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |