Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 3137-VII
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарып берилген "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарып берилген "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Д.А.Ашимова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү;
2) М.А.Маматалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
3) А.А.Абытов - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;
4) О.Дж.Урмамбетов - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары.
2. Макулдашуу тобу жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3235-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3137-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |