Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-июну № 3190-VII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын, анын ичинде мамлекеттик органдардын мамлекеттик менчикти башкаруусун контролдоону күчөтсүн;
- мамлекеттик органдарда аудит тарабынан жыл сайын аныкталган мүнөздүү бузуулардын себептерине талдоо жүргүзсүн жана аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карасын;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн бюджетти туура түзүү жана аткаруу боюнча окууларды өткөрсүн; социалдык объекттердин курулушунун сапатына өзгөчө контролдук жүргүзсүн; курулуштун сапатын камсыз кылуу үчүн курулушта абройлуу жана мыкты тажрыйбасы бар ишенимдүү жана тажрыйбалуу компанияларды тандоого өзгөчө көңүл бурсун;
- финансылык бузуулар үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- бюджеттик мыйзамдарды сактоо, республикалык бюджеттин каражаттарын сапаттуу түзүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча аудитордук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди улантсын;
- финансылык мыйзам бузууларды четтетүүгө багытталган жазма буйруктардын аткарылышын жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
- республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүүдө аныкталган мамлекеттик органдар тарабынан финансылык бузуулар келтирилген жоготуулардын ордун республиканын бюджетине толук толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүүдө капиталдык салымдарды пайдалануунун натыйжалуулугун чагылдырсын;
- контролдук жана аудитордук иш-чараларды өткөрүү мөөнөттөрүн кыскартуу маселесин карасын;
- аудиттердин өткөрүп берген материалдары боюнча аныкталган финансылык бузуулардын суммаларынын ордун толтуруу багытында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен ишти күчөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Тургунбек уулу |