Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 173
2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (№ 55372), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусу (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусу (№ 55372) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |