Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 176
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |