Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июлу № 442
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 "Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |