Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-июлу № 432
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
– 3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү чөйрөсүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол, автомобиль, темир жол тармактары жана суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, концепцияларды бекитүү боюнча.”;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелерин;
2) ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону;
3) нотариустар болбогон калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (айыл өкмөтүнүн) кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобону;
5) укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы;
7) пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгаруу эрежелерин;
8) пробация органдарына волонтерлорду тандоонун жана алардын иштөөсүнүн тартибин;
9) Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштыруу жана коомдук талкуулоо жол-жоболорунан өткөрүү тартибин;
10) Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин;
11) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзамен өткөрүү тартибин;
12) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасын.”;
– 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
2) адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмегин, аларды даярдоого жана оңдоого чыгымдалган материалдардын жана убакыттын ченемин;
3) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын жүзөгө ашыруу тартибин;
4) бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Майыптыкты баалоодо дене-боюнун иштешинин, жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясын колдонуу боюнча пландын жана церебралдык шал оорусу бар балдардын реабилитациялоо программаларын;
6) Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону;
7) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жана анын курамына кирген мамлекеттик мекемелердин уставдарын, түзүмдөрүн;
8) өргүү жөнүндө каттын формаларын.
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) маданият, искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелердин уставдарын;
2) маалымат жана жаштар саясаты, маданият жана искусство, анын ичинде, музей иши, китепкана иши, театр иши, тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу, тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, жоболорду, стандарттарды жана эрежелерди.”;
– 10-пункттун 4, 6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 11-пунктта:
2, 3, 5, 10-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) саламаттык сактоо уюмдарында кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө тартибин жана шарттарын;”;
– 12-пункттун 2, 3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобону;
2) айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону;
3) жер кадастрын жүргүзүүдө кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү тартибин;
4) кыртыштын абалын баалоо ченемдери жана аларды аныктоо методдору;
5) геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын корректировкалоо методикасын;
6) балык запастарын жасалма көбөйтүү жана суу объекттеринде балык чарба мелиорациясы боюнча иштерди жүргүзүү тартибин;
7) аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн берүү тартибин жана шарттарын, пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмүн, ошондой эле көлмөлөрдү пайдалануу укугун токтотуунун негиздерин;
8) көлмөлөрдө кармалган же көл, садок жана көлмө балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктарды жана балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартибин;
9) балык чарбаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүүнүн балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана эрежелерин;
10) балык өндүрмөлүгүн, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу тартибин;
11) илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо тартибин;
12) балык чарбаларын өздөштүрүү жана балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо максатында пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегин;
13) өндүрмөлүк балык уулоо үчүн көлмөлөрдүн балык уулоочу участокторун берүү үчүн конкурс өткөрүү тартибин;
14) балык уулоо жана балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда егердик кызматты уюштуруу жана иштетүү тартибин;
15) балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык иштерди жүргүзүү жана балыкты контролдук уулоо тартибин;
16) балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарбалык потенциалы жөнүндө балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүү тартибин;
17) Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициттердин жана агрохимикаттардын каталогун;
18) карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу методдоруна жана ыкмаларына карата көрсөтүлгөн жугушсуздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу талаптарды, алардын натыйжаларын тариздөө тартибин;
19) карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн;
20) жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аны түшүрүү ыкмаларын;
21) зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
22) жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди табуу жана карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөө үчүн карантинге алынуучу объекттерге карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
23) карантинге алынган продукцияларды жана объекттерди текшерип кароо боюнча нускамаларды;
24) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүү эрежелерин;
25) аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;
26) көлмө жана бассейндик балык өстүрүүчү чарбалар үчүн пландоого жана буфердик зоналарга карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;
27) товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү боюнча жаңы балык өстүрүүчү чарбаларды долбоорлоого жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого карата балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды;
28) токой чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду;
29) жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана талаптарды;
30) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мамлекеттик ишканалар үчүн Типтүү уставга ылайык асыл тукум мал чарбасы, балык чарбасы, дыйканчылык, сорттук жана себүү сапаттары чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын уставдарын;
31) суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ведомстволук бөлүмдүн карамагындагы мамлекеттик ишканалардын уставдарын;
32) сууну жеткирүүгө типтүү контрактты, сууну жеткирүүгө ар жылдык типтүү келишими, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу жана суу чарбасы, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди жана ченемдерди;
33) ачык акционердик коомдордун уставдарын;
34) мамлекеттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмектерин;
35) каттоодон өткөн үрөн чарбаларынын тизмегин;
36) асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканаларга айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди берүү тартибин;
37) азык-түлүк кризиси же болбосо анын коркунучу пайда болгон учурда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин сунушу боюнча белгилүү бир мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин;
38) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик балык чарбасынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
39) аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегин;
40) балыкты акклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартибин;
41) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартибин;
42) балык уулоо эрежелерин жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмегин;
43) органикалык өндүрүштүн жалпы жана негизги эрежелеринен тышкары, органикалык аквакультурага, балчылыкка, иштетилбеген аймактардан продукцияны жыйноого, ошондой эле тамак-аш же тоют катары керектөө үчүн арналбаган органикалык продукцияга карата кошумча эрежелерди;
44) органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдарды каттоо тартиби жана органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүү тартибин;
45) органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү өткөрүп берүү тартибин;
46) органикалык продукцияны ташып келүү эрежелерин;
47) органикалык өндүрүш, органикалык продукцияны жүгүртүү жана башка өлкөлөр менен сертификациялоо системасынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануу тартибин.”;
– 14-пунктта:
2, 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды, куткаруучуларды аттестациялоо тартибин;
3) мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү методикалык документтерди;”;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү методикалык көрсөтмөлөрдү, сунуштамаларды, нускамаларды, эрежелерди, ченемдерди, талаптарды, жоболорду, регламенттерди, программаларды, концепцияларды, тартиптерди, колдонмолорду жана методикаларды.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, прейскуранттарды, ченемдерди, тартиптерди, талаптарды, методикаларды, жетектөөчү жана методикалык көрсөтмөлөрдү, технологиялык карталарды, маалымдамаларды бекитүү боюнча.”;
– 16-пунктта:
4, 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6) куралдарды жана аскердик техниканы, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага тапшыруу, сатуу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин;”;
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техникалар менен жабдуунун, аларды материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуунун тартибин.”;
– 17-пункттун 11-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11) мергенчилик чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды;”;
– 18-пунктта:
биринчи абзац “өнүктүрүү” деген сөздөн кийин “жана инновациялык технологиялар” деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) почта байланышы жаатындагы ченемдик укуктук мүнөздөгү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди;”;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 21-пунктта:
1, 3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) аксакалдар сотторунун кеңештери жөнүндө жобону жана аларды түзүү тартибин;”;
– 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын бөлүмү жөнүндө жобону;
2) соттолгондорду кесипкөй даярдоону уюштуруу тартибин;
3) түзөтүү мекемелеринин аймагына келген жана чыгып жаткан адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына, ошондой эле анын жанындагы режимдик талаптар белгиленген аймактарда текшерип кароо жүргүзүү тартибин.”;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук мүнөздөгү жоболорду жана колдонмолорду.”;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, стандарттарды, регламенттерди бекитүү боюнча.”;
– 28-пункттун 1–6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 29-пунктта:
“мамлекеттик кызматына” деген сөздөр “кызматына” деген сөзгө алмаштырылсын;
3, 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 32, 33-пункттар менен толукталсын:
“32. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке юридикалык жактын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмегин жана аларды пайдалануу тартибин бекитүү боюнча.
33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;
2) спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;
3) окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери тарабынан спорт жабдуулары жана инвентарлары менен камсыздоонун минималдуу социалдык стандарттарын;
4) Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү тартибин;
5) мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдардын ишин координациялоо тартибин;
6) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүнүн тизмегин;
7) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүн үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстардан өтүү тартибин;
8) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерацияларды таануу тартибин;
9) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча ардактуу спорттук наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды ыйгаруу тартибин жана шарттарын;
10) паралимпиадалык спорттун уюмдарында судьялардын атайын даярдыктан же кайра даярдыктан өтүү тартибин;
11) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окутуу-машыктыруунун типтүү программаларын;
12) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер тартибин;
13) Кыргыз Республикасынын антидопинг эрежелерин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-августундагы № 60 (3716) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |