КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 166
2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасын даярдоо боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасын даярдоо боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |