Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 179
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.);
2) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 369-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 9-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);
4) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 103 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 363-ст.);
5) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 735-ст.);
6) "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 152 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 721-ст.);
7) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 58 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2282-ст.);
9) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 23-майындагы № 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2286-ст.);
10) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 504-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 915-ст.);
12) "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 712-ст.);
13) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-январындагы № 20 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 20-ст.);
14) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-мартындагы № 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 241-ст.);
15) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 90-ст.);
16) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 295-ст.);
17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 393-ст.);
18) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 729-ст.);
19) "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 730-ст.);
20) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 731-ст.);
21) "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.);
22) "Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 495-ст.);
23) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 94 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 4-августу, № 61);
24) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 27-августу, № 91);
25) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114);
26) "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142 Мыйзамынын 7-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 30-ноябры, № 145);
27) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 14-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9);
28) "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 Мыйзамынын 1 жана 3-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61);
29) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-июлу, № 62);
30) "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 62 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-июлу, № 62);
31) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65);
32) "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 31-январы, № 7).
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жоболору ап колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толугу менен Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирилгенге чейин санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул берененин расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун киргизсин;
2) эки айлык мөөнөттө тармактык жөнгө салуучулардын, иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттери жүктөлүүчү мамлекеттик органдарды аныктасын;
3) 2026-жылдын 1-июнуна карата Улуттук санарип экотутумунун түзүлүшүн жана мамлекеттик сервистердин ишке киргизилишин камсыз кылсын.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |