Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 180
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-главанын аталышында "Маалыматтык коопсуздук" деген сөздөр "Киберкоопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 228-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"228-берене. Корголуучу санарип жазмаларына укук ченемсиз жетүү
Башканын корголуучу санарип жазмаларына, санарип дайындарына, маалыматтарына жана санарип документтерине укук ченемсиз жетүү, аларды жок кылуу, бөгөт коюу, модификациялоо, көчүрүү же аларга жеткиликтүүлүк мыйзам менен чектелген маалыматтарды жайылтуу менен коштолсо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 261-глава менен толукталсын:
"261-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына зыян келтирүүчү бузуулар
2282-берене. Санарип технологиялардын пайдалануучуларынын укуктарын бузуу
1. Мыйзамда белгиленген, санарип документтерин пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, санарип документтерин кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн санарип документтерин пайдалануудан баш тартуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Мыйзамда белгиленген, кагаз жүзүндөгү документтерди пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн кагаз жүзүндөгү документтерди пайдалануудан баш тартуу, -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2283-берене. Дайындардын принципалдарынын укуктарын бузуу
1. Дайындардын принципалына анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип дайындарын иштеп чыгуу жөнүндө маалыматтарды же аларга жеткиликтүүлүктү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган көлөмдө берүүдөн баш тартуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Дайындардын принципалынын анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо суроо-талабын аткарбоо -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жеке дайындардын субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, жеке дайындардын субъектинин мындай дайындарды өчүрүү суроо-талабын аткарбоо, ага тете аларды иштеп чыгууга каршы пикир алынганда Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган чараларды көрбөө -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2284-берене. Санарип укуктарын бузуу
1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган санарип укуктарын мыйзамсыз чектөө, ага тете санарип укуктарынын ээси тарабынан белгиленген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын бузуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, санарип укуктарынын ээси тарабынан санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын мыйзамсыз белгилөө -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2285-берене. Идентификациялоо тутумунун катышуучуларынын укуктарын бузуу
Мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, идентификациялоо тутумунун катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, идентификациялоо тутумунун эрежелерин бузуу, анын ичинде идентификациялоо тутумунун катышуучусу болуп саналбаган жактарга идентификаторлору бар санарип жазмаларын берүү -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2286-берене. Санарип чөйрөсүндөгү ак ниетсиз иш-аракеттер
1. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тыюу салууну бузуу менен санарип дайындарын ак ниетсиз иштетүүнү жүзөгө ашыруу -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Санарип сервистерин көрсөтүүдө ак ниетсиз атаандаштык жана атаандаштыкты чектөөчү иш-аракеттер -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган жосундар -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2287-берене. Санарип чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароонун катышуучуларынын укуктарын бузуу
Тармактык жөнгө салуучунун жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген мөөнөттө талаш-тартыш боюнча чечим чыгарбоосунан көрүнгөн аракетсиздиги -
кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2288-берене. Санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдарынын укуктарын бузуу
Санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган санарип реестрлерине жазмаларды киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тартибин бузуу -
кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2289-берене. Телекоммуникация операторлорунун укуктарын бузуу
Телекоммуникация операторлоруна Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган учурларда өтүү укугун бербөө -
кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
22810-берене. Жасалма интеллект тутумун мыйзамсыз долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган корголуучу байлыктарга максаттуу жана билип туруп мыйзамсыз зыян келтирүү үчүн жасалма интеллект тутумун долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 43-главанын аталышында "жана байланыш" деген сөздөр ", телекоммуникация жана почта байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 408-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 409-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"409-берене. Почта байланышы чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу
Почта байланышы чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу -
юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
7) 412 жана 413-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"412-берене. Номерлештирүү ресурстарын жана радио жыштыктарды укук ченемсиз пайдалануу
Номерлештирүүнү жана радио жыштыктарды аларды бөлүп берүү же ыйгаруу жөнүндө чечимде аныкталган шарттарды бузуу менен пайдалануу, ага тете белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген (ыйгарылбаган) номерлештирүүнү же радио жыштыктарды пайдалануу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
413-берене. Телекоммуникациялык тарамдар үчүн белгиленген корголуучу чөлкөмдөрдү бузуу
Жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык белгиленген, телекоммуникациялык тарамдар үчүн корголуучу чөлкөмдөрдү бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
8) 454-берененин 2-бөлүгү "99," деген цифралардан кийин "228-2, 228-4, 228-7 - 228-10," деген цифралар менен толукталсын;
9) 483-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"483-берене. Телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу
Телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу ушул Кодекстин 409, 412 жана 413-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.";
10) 494-берене "76," деген цифралардан кийин "228-6," деген цифралар менен толукталсын;
11) 51-глава төмөнкүдөй мазмундагы 496-1-берене менен толукталсын:
"496-1-берене. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу
Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу ушул Кодекстин 228-3 жана 228-5-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.".
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-1-статьяда "жеке маалыматтарды берүү жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат.";
2) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Калктын реестринин мазмуну
Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке дайындарынан турат. Жарандардын жеке дайындарынын мазмуну калк жөнүндө мамлекеттик маалыматтык ресурстардын негизин түзөт.
Калктын реестринде иштелип чыгуучу жеке дайындардын тизмеги иштеп чыгуунун максаттарын, негиздерин, принциптерин жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарды эске алуу менен анын ээси тарабынан аныкталат.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат.";
2) 15-беренеде:
а) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) телекоммуникация операторунун иши;";
б) 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 16-берененин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн санарип сервистери (мамлекеттик сервистер) улуттук санарип экотутумунун (улуттук экотутум) алкагында көрсөтүлөт. Мамлекеттик сервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленет.";
2) 3-беренеде:
а) он тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат.";
3) 11-берененин 15-пунктунда "электрондук форматта" деген сөздөр "санарип сервиси түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 8-пунктта "электрондук" деген сөз "санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) санарип сервиси түрүндөгү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына (майыптыгы бар адамдарга, жашы жете электерге, пенсионерлерге ж.б.) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн (эгерде мындайлар бар болсо);";
5) 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу санарип сервиси түрүндө көрсөтүлөт.";
6) 16-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "электрондук" деген сөз "санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын.
6-берене.
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санарип жана башка тармактарындагы институттар, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.";
б) 2-бөлүктүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 15-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Коопсуздукту жана санарип туруктулугун камсыз кылуу боюнча талаптар";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Электрондук сооданын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарга ылайык электрондук соода чөйрөсүндө санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.".
7-берене.
"Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жьшдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 13 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.";
2) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Майнерлердин санарип реестри
Майнерлердин санарип реестри (мындан ары - Реестр) - майнерлерди каттоону жана тиешелүү сертификаттын берилгендигин тастыктаган жазмалардан турган санарип ресурсу, ага жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
Майнингди жүзөгө ашырууга укук Реестрде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат.
Реестрдин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыздайт.
Майнерлерди каттоо тартиби жана сертификатты кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдөгү документ же санарип документи түрүндө берүү тартиби виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |