Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 11/III-29
Кант шаарынын деталдык пландоо планын (ДПП) бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, 2023-жылдын 17-июнундагы №4/02-3-келишиминин негизинде жерди пайдалануу эрежелерин белгилөө, шаар куруу жана архитектура нормаларын жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу жана Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын Ленин көчөсүнүн түндүк жана түштүк тарабынан деталдык пландоо планы (ДПП) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы архитектура жана шаар куруу нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын контролдоону ишке ашырсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Д.Ногоев) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |