Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 7/III-29
Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашевдин, Кант шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Узбекованын«Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата бюджети киреше жана чыгашалары боюнча 380109,9 миң (үч жүз сексен млн. жүз тогуз миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен:
- Бюджеттик каражат 359604,9 миң (үч жүз элүү тогуз млн. алты жүз төрт миң тогуз жүз ) сом;
- Атайын каражат 20505,0 (жыйырма млн. беш жүз беш миң) сом.
2. Кант шаарынын 2026-2027-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу бекитилсин:
1) 2026-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 405 696,9 миң сом (төрт жүз беш миллион алты жүз токсон алты миң тогуз жүз) сом, 2027-жылга 432 088,9 (төрт жүз отуз эки миллион сексен сегиз миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө;
2) 2026-2027-жылдарга бекитилген шаардык бюджеттин болжолдуу параметрлери ар бир такталган мезгилде кабыл алууда тактоого жатат.
3. Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылдын башындагы акча каражаттарынын калдыгы 75 274,7 миң сом (жетимиш беш миллион эки жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен:
- бюджеттик каражаттар- 69732,8 миң (алтымыш тогуз млн. жети жүз отуз эки миң сегиз жүз) сом;
- атайын каражаттар - 5541,9 миң (беш млн. беш жүз кырк бир миң тогуз жүз) сом.
4. Кант шаарынын 2025-жылга киреше бөлүгү жана 2026-2027-жылдарга болжолу №1-тиркемеге ылайык булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы бекитилсин.
5. 2025-жылга шаардын бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 2-12-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
6. 2025-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашаларды (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш), коммуналдык кызматтарга каржылоо жүргүзүлөт.
7. Корголгон чыгаша беренелери муниципалдык мекемелердин түзүмдүк санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу кыскартылышы же көбөйүшү мүмкүн.
8. Чыгаша беренелеринин максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге жүктөлөт.
9. 2024-жылы толук каржыланбай калган чыгашалар 2025-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
10. 2025-жылга Кант шаардык мэриясынын шаардык бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын пландык түшүүсүнөн чегерүүлөрдүн нормативи 90%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (алтын, мунай, газдан тышкары роялти) - 50% өлчөмүндө бекитилсин.
11. Муниципалдык мекемелердин бюджеттик сметада жана атайын каражаттарда бекитилген суммадан ашыкча түшкөн кирешелери толугу менен шаардык бюджеттин карамагында калат.
12. Муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналык системадан өтпөстөн пайдаланууга тыюу салынсын.
13. Кант шаарынын мэрине 2025-жылы бекитилген бюджетке кирешелердин ашыкча болушуна, кирешелердин чыгашалардан ашып кетишине байланыштуу Кант шаардык кеңешинин депутаттары менен макулдашуу боюнча өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
14. 2025-жылга Кант шаарынын мэринин Резервдик фонду шаардык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмүнүн 1%га чейинки чегинде 3000,0 (үч миллион) сом өлчөмүндө түзүлсүн.
15. Кант шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмү шаардык бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыкча аткарылган учурда бул каражаттардын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан социалдык маселелерди чечүүгө, улуттук жана мамлекеттик программаларды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кант шаардык кеңешинин жана мэриянын токтомдорун ишке ашырууга, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык кызматтар үчүн карыздарды төлөөгө, зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына убактылуу финансылык жардам көрсөтүүгө, башка сатып алууларга жана чыгашаларга жумшалышын карап чыксын.
16. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу максатында арыздар келип түшкөндө жана турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттары каралып чыккан соң 1000 (бир миң) сомдон 10 000 (он миң) сомго чейин,турмуштук оор кырдаалда кырдаалга жараша каржылоону көбөйтүү менен материалдык жардам көрсөтүлсүн;
17. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы №52 «Аксакалдар соту жөнүндө» Мыйзамынын 38-бер. 2-пунктунун негизинде 2025-жылдын январь айынан тартып Кант шаарындагы аксакалдар сотунун ар бир мүчөсүнө материалдык сыйлоо максатында ай сайын 5,0 (беш) миң сомдон жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
18. 2025-жылдын январь айынан тартып Кант шаарындагы кварталдык комитеттин ар бир мүчөсүнө материалдык сыйлоо максатында ай сайын 5,0 (беш) миң сомдон жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
19. Өндүрүштүк муктаждыктардан улам Кант шаарынын мэриясы үчүн сатылып алынган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 467 АВ унаасы 2025-бюджеттик жылга күйүүчү-майлоочу майларды жана керектүү тетиктерди, ошондой эле башка транспорттук кызматтарды 100% сатып алуу менен шаардык кеңештин аппаратына пайдаланууга берилсин.
20. Башкы адис - юрист транспорт каражатын Кант шаардык кеңешинин аппаратына убактылуу пайдаланууга берүү боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдасын.
21. 01.01.2025-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык, кызматтык айлык акынын 70% өлчөмүндө жыл башындагы бюджеттик каражаттардын бош калдыгынын жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен Кант шаардык кеңешинин аппаратына жана Кант шаарынын мэриясына, ТТП жана КТП, турак жай-коммуналдык чарбасынын аппаратына, ББга 15,0 миң сом үстөк төлөм бекитилсин.
22. Кант шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылдын башында бюджеттик каражаттардын калган бөлүгүнөн мэриянын жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерине айыл чарба азыктарын сатып алуу үчүн 20,0 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөө үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
23. Кант шаарынын мэринин Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматчыларына жана жумушчуларына, уюмдарына жана мекемелерине шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык үстөк акыларды, кызматтык маяналарды жана үстөктөрдү бекитүү укугу сакталсын.
24. Мэриянын жана шаардык Кеңештин кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында айына байланыш үчүн 200 (эки жүз) сомдон төлөнүп берилсин.
25. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кенже кызматтык-техникалык персонал, Кант шаарынын мэриясынын борборлоштурулган эсепке алуу жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн эмгек өргүүсүн жана жөлөкпулдарды эсептөөдө эсепке алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнүүчү компенсациялардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү (кызматтык иш сапарларды, каникул күндөрүн, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрүн, дем алыш күндөрүндөгү иш күндөрүн кошпогондо) түзүлсүн:
- транспорттук чыгымдар үчүн - кызматтык же нөөмөтчү транспорт каражаты ыйгарылган тейлөөчү персоналды кошпогондо,ай сайын январь айынан баштап 2000 (эки) миң сом өлчөмүндө;
- тамак-ашка – ай сайын январь айынан баштап 5000 (беш) миң сом өлчөмүндө.
26. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |