Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

2025-жылдын 6- августунун

№ 473 токтомунуна тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо мамлекеттик финансылык активдерди башкаруунун алкагында келип түшкөн каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө тартибин жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебин ачуунун максаты эл аралык капитал рыногунда мамлекеттик зайымдарды тартуунун эсебинен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын (мындан ары – мамлекеттик карыз) өз убагында жана толук тейлөө үчүн республикалык бюджетке жүктөмдү азайтуу болуп саналат.

 

2-глава. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

 

3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

– банк-агент – мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды башкаруунун алкагында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуучу коммерциялык банк;

– мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсеби (жеңилдетүү эсеби) – ушул Жобого ылайык иш-чараларга пайдалануу максатында финансылык активдерди башкаруунун алкагында каражаттарды топтоо үчүн банк-агентте атайын ачылган эсеп.

 

3-глава. Жеңилдетүү эсебине келип түшкөн каражаттарды түзүү булактары

 

4. Эл аралык капитал рыногунда мамлекеттик карыз алуудан тартылган каражаттарды башкаруунун алкагында келип түшкөн, жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды түзүү булактары болуп төмөнкү кирешелер саналат:

1) мамлекеттик карыз алуунун алкагында тартылган каражаттарды алардын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттоонун натыйжасында алынган мамлекеттик компаниялардын таза пайдасынан республикалык бюджетке түшкөн дивиденддер;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуудан түшкөн кирешелер;

3) эл аралык капитал рыногунда зайымдарды тартуунун алкагында каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруудан алынган кирешелер;

4) башка эмитенттердин финансылык активдерине инвестициялоодон алынган кирешелер (башка мамлекеттердин баалуу кагаздары, корпоративдик баалуу кагаздар жана башка финансылык активдер);

5) мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик карыз алуунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерден пайыздык кирешелер;

6) овернайт депозиттерине каражаттарды жайгаштыруудан пайыздык кирешелер;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.

5. Банк-агент ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн булактардан келип түшкөн кирешелерди жеңилдетүү эсебине автоматтык түрдө чегерет.

 

4-глава. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануунун негизги багыттары

 

6. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттар төмөнкү багыттарга колдонулат:

1) Министрлер Кабинетинин сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алуу;

2) коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруу;

3) башка эмитенттердин финансылык активдерин (акцияларын, облигацияларын жана башка финансылык активдерин) сатып алуу;

4) экономика секторлорун кредиттөө;

5) овернайт депозиттерине жайгаштыруу;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка багыттар.

7. Бул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча каражаттарды пайдалануудан жеңилдетүү эсебине келип түшкөн каражаттар толук көлөмдө мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалат.

 

5-глава. Жеңилдетүү эсебинин каражаттарын башкаруу

 

8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ошол банкта жеңилдетүү эсебин ачуу үчүн банк-агент менен макулдашуу түзөт.

9. Бул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттардан түшкөн каражаттар жеңилдетүү эсебине түшөт, ал негизги суммадан жана пайыздардан турат. Анын ичинен негизги сумма мамлекеттик карыздын негизги суммасын жабууга, пайыздар – мамлекеттик карыздын пайыздарын жабууга жумшалат.

10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды жалпы контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат.

11. Банк-агент жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат

12. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын эсебинен баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду (мындан ары – Мамлекеттик фонд) үчүн республикалык бюджет аркылуу Министрлер Кабинетинин сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тиешелүү жылга сатып алынуучу баалуу металлдардын жана асыл таштардын көлөмү жана ассортименти Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

13. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын эсебинен алынган Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуу баалуу металлдар жана асыл таштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуунун көлөмү жана ассортименти тиешелүү жылга Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

14. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуудан түшкөн, жеңилдетүү эсебинен алынган каражаттар республикалык бюджет аркылуу жеңилдетүү эсебине келип түшөт, алардын ичинен сатуудан түшкөн негизги сумма – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, сатуудан түшкөн пайда – жеңилдетүү эсебинин пайызына түшөт.

15. Жеңилдетүү эсебинен каражаттарды коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруунун максаты аларды андан кийин мамлекеттик карызды тейлөөгө пайдалануу үчүн жеңилдетүү эсебине чегерилген пайыздар түрүндө киреше алуу болуп саналат.

16. Жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу Тартипке ылайык (Жобонун тиркемеси) аукцион өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

17. Банк-агент жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын эсебинен төмөнкү критерийлердин негизинде финансылык активдерди (акцияларды, облигацияларды жана башка финансылык активдерди) сатып алат:

1) ички рынокто – листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча турган компаниялардын баалуу кагаздары;

2) тышкы рынокто – чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк компаниялардын баалуу кагаздары;

3) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка финансылык активдер.

18. Экономика секторлорун кредиттөө мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө принциптерине негизденүү менен жүзөгө ашырылат. Жеңилдетүү эсебинен кредит берүү тартиби жана аларды кайтарууну камсыз кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган банк-агенттин ички кредиттик саясатына ылайык аныкталат.

19. Кредиттөөдөн кайтарылган каражаттар жеңилдетүү эсебине түшөт, кредиттин негизги суммасы – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, пайыздар – жеңилдетүү эсебинин пайызына түшөт.

20. Банк-агент кошумча кирешелерди алуу максатында жеңилдетүү эсебинин калдыктарында турган каражаттарды овернайт депозиттерине жайгаштырат, алардын пайыздык ставкасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү комитети тарабынан белгиленет. Мында, жайгаштыруудан алынган пайыздык кирешелер жеңилдетүү эсебинин пайыздарына, ал эми овернайт депозиттеринин негизги суммасы жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына түшөт.

21. Банк-агент жеңилдетүү эсебинде турган каражаттарды тобокелдиктер болбогон жана долбоорлордун рентабелдүүлүгү болгон шартта мыйзамдарда тыюу салынбаган башка долбоорлорго жайгаштырууга укуктуу.

22. Банк-агент жеңилдетүү эсебинде турган каражаттардын сакталышы үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат.

 

6-глава. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануу

 

23. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттар республикалык бюджет аркылуу жана артыкчылыктуу тартипте мамлекеттик карыздын негизги суммасын жана/же пайыздарын өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу үчүн гана, ошондой эле ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттарга пайдаланылат.

24. Эл аралык капитал рыногунда мамлекеттик карыз алуудан тартылган каражаттардын эсебинен капиталдаштыруунун натыйжасында тиешелүү жылдын жыйынтыгы боюнча банк-агенттин ишинен алынган дивиденддер мамлекеттик карызды тейлөөгө андан ары багыттоо үчүн республикалык бюджетке түшөт.

25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик карыздын негизги суммасын жана/же пайыздарын кезектеги төлөө мөөнөтү келгенге чейин банк-агентке зарыл сумманы бирдиктүү казыналык эсепке которуу жөнүндө төлөм тапшырмасын жиберет.

26. Бул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн төлөм тапшырмасын алгандан кийин банк-агент төлөм тапшырмасында көрсөтүлгөн сумманы дароо бирдиктүү казыналык эсепке которот.

27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн каражаттарды белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик карызды тейлөөгө жиберет.

28. Жеңилдетүү эсебинде каражаттар жетишсиз болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин каражаттарын бюджеттик мыйзамдарга ылайык мамлекеттик карызды тейлөөгө пайдаланууга укуктуу.

 

7-глава. Отчеттуулук, контролдоо жана аудит

 

29.  Банк-агент ай сайын жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча отчетту, ошондой эле жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктары жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кеч эмес берет.

30. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетүү эсебинен каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө банк-агенттин ишине аудит жүргүзүү үчүн тышкы аудиторду тартууга укуктуу.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого тиркеме

 

Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу

боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартиби

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Бул Тартип жеңилдетүү эсебинен каражаттарды коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүү механизмин аныктайт.

2. Каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду уюштуруу ушул Тартипке ылайык банк-агент тарабынан “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун (мындан ары – “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК) аянтчасында жүзөгө ашырылат.

3. Каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондор “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында өткөрүлөт.

 

2-глава. Каражаттарды жайгаштыруунун жалпы шарттары

 

4. Жайгаштырууга катышуугаКыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктарга гана төмөнкү минималдуу талаптарды сактаган учурда уруксат берилет:

1) банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жарактуу лицензиясынын болушу;

2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иштерди жүзөгө ашыруу;

3) акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;

5) убактылуу администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу.

5. Каражаттарды жайгаштыруунун тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ачык аукцион өткөрүү, анын алкагында коммерциялык банктар каалаган сумманы жана пайыздык ставканы көрсөтүү менен билдирме беришет;

- аукциондо жеңип чыккан коммерциялык банк менен эки тараптуу келишим түзүү.

6. Депозиттик операциялардын минималдуу параметрлери:

1) валюта – сом же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу башка валюта;

2)депозиттин мөөнөтү 3 айдан 3 жылга чейин;

3)пайыздарды эсептөө формасы – жөнөкөй пайыздар;

4)ай сайын жеңилдетүү эсебине пайыздар чегерилет.

 

3-глава. Аукционду өткөрүү шарттары

 

7. Банк башкармасынын чечиминин негизинде банк-агент “Кыргыз фондулук биржасы”ЖАК платформасы аркылуу коммерциялык банктар арасында жеңилдетүүэсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт.

8. Аукционго катышууну каалаган банктар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын платформасы аркылуу төмөнкү документтерди тиркөө менен электрондук түрдө өтүнмө беришет:

1) банктык операцияларды жүргүзүү укугу боюнча Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы;

2) акыркы эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук;

3) акыркы отчеттук жыл үчүн тышкы аудитордун корутундусу;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугу жөнүндө документтер (маалыматтар же башка тастыктоочу документтер);

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган режимдин жоктугу тууралуу банктын жазуу жүзүндөгү тастыктамасы (убактылуу администрация, тике банктык көзөмөл).

Банктар өтүнмөнүн туура толтурулушу, ошондой эле берилген документтердин аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

9. Ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык документтерди тапшырган жана ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген банктар аукционго киргизилет. Аукцион “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин акча каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырууга аукцион өткөрүү боюнча эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

10. Аукцион бир нече лоттон турат, алардын ар бири өзүнчө жайгаштыруу суммасын, жайгаштыруу мөөнөтүн, депозит боюнча пайыздык ставканын баштапкы өлчөмүн (жылдык %) камтыйт.

11. Аукциондун конкреттүү лоту боюнча жеңүүчү банкты аныктоонун критерийи катышуучу банк тарабынан сунушталган эң жогорку ставка болуп саналат. Катышуучу банктар тарабынан бирдей пайыздык ставкалар сунуш кылынган учурда, лоттун суммасы ошол банктарга пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Банктардын бири сунуш кылынган пропорционалдуу суммадан баш тарткан учурда, лоттун толук суммасы аукционду утуп алган башка банкка өткөрүлүп берилет.

12. Жайгаштырылган каражаттарды диверсификациялоо жана тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, бир коммерциялык банктагы жеңилдетүү эсебинен жайгаштырылган каражаттардын суммасы жайгаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш болгон чектөө киргизилет.

13. Банк-агент аукциондун жыйынтыгын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы кат менен ырастайт.

 

4-глава. Каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүүнүн шарттары

 

14. Аукциондун жыйынтыгы тастыкталгандан кийин 3 жумуш күнү ичинде банк-агент менен аукционду утуп алган банктын ортосунда ушул Тартип боюнча жайгаштыруу жөнүндө келишимге кол коюлат.

15. Банк-агент каражаттарды коммерциялык банкка жайгаштыруу келишиминин негизинде келишимде белгиленген мөөнөттө тандалган коммерциялык банкта ачылган депозиттик эсепке каражаттарды которуу жолу менен жайгаштырат.

 

5-глава. Жайгаштыруу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү

 

16. Жайгаштыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби банк-агент менен коммерциялык банктын ортосунда жайгаштыруу жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.

17. Коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашалар (эсептерди ачуу жана жүргүзүү, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат.

18. Жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган күнү коммерциялык банк акча каражаттарын жеңилдетүү эсебине өз убагында жана толук көлөмдө которот, анын ичинде жайгаштыруу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык жайгаштыруунун негизги суммасын – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, пайыздарды – жеңилдетүү эсебинин пайыздарына которот.

19. Депозиттин мөөнөтү аяктагандан кийин жайгаштыруунун негизги суммасы жана пайыздар депозиттин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийинки жумуш күнүнүн аягына чейин жеңилдетүү эсебине чегерилет.

20. Жайгаштырылган акча каражаттары коммерциялык банк тарабынан өз убагында кайтарылбаган учурда, жайгаштыруу келишиминде аныкталган мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан туум төлөнөт.

21. Коммерциялык банк тарабынан ушул Тартиптин 17, 18-пункттары аткарылбаган учурда, банк-агент сот органдарына коммерциялык банктын эсептерине милдеттенмелерге ылайык келген суммага камак салуу жөнүндө арыз менен кайрылат.

 

6-глава. Талаш-тартыштарды чечүү

 

22. Банк-агент менен коммерциялык банктардын ортосунда жайгаштыруу жана суммаларды төлөө шарттары боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

 

7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук

 

23. Коммерциялык банктардын айрым эсептеринде жайгаштыруу каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.

 

 

 

 

 

Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибине 1-тиркеме

 

 

Банктык депозитке каражаттарды жайгаштыруу максатында

коммерциялык банктардын аукционуна катышууга өтүнмө

 

Аукционду өткөрүү датасы ______-жылдын   “______”__________________________________________________________

 

_______________________________________________________________________________________________________

(банктын толук аталышы)

өкүлү___________________________________________________________________________________________________

(кызмат ордунун аталышы жана аты-жөнү)

төмөндөгү шарттарда банктык депозитке жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу максатында аукционго катышуу ниетин билдирет:

Аталышы

Депозиттин суммасы

(сом)

Депозитти жайгаштыруу мөөнөтү

(ай)

Депозит боюнча пайыздык ставканын баштапкы өлчөмү (жылдык%)

Коммерциялык банктын ставкасы

(жылдык %)

№ 1 лот

 

 

 

 

№ 2 лот

 

 

 

 

№ 3 лот

 

 

 

 

№ 4 лот

 

 

 

 

№ 5 лот

 

 

 

 

№ 6 лот

 

 

 

 

…

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

 

 

 

Биз жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга макулдугубузду билдиребиз.

Муну менен,____________________________________________ _________________________________________________

(банктын аталышы)

төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келе тургандыгын тастыктайбыз:

 

1) банктык операцияларды жүргүзүү укугу боюнча Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын болушу;

2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иштерди жүзөгө ашыруу;

3) акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;

5) убактылуу администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу;

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугу (банктын каты);

7) депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коммерциялык банктын депозиттерди коргоо системасына катышуусу.

Тиешелүү документтер _____ баракта тиркелет.

Уюштуруу маселелери жана өз ара аракеттенүү боюнча бизге ыкчам билдирүү жасоо максатында төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилгендигин билдиребиз:

 

(кызмат орду, кызматкердин аты-жөнү, телефону жана башка байланыш каражаттары)

 

Аукцион өткөрүүгө жана андан аркы кызматташууга тиешелүү бардык маалыматтарды ыйгарым укуктуу адамга билдирүүңүздөрдү суранабыз.

Юридикалык дареги, телефону, факсы, e-mail:

Банктык реквизиттер:

Бул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматты Интернет маалымат тармагындагы төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот:

_____________________________________________________________________________________________________________

(банк жөнүндө расмий маалымат жайгаштырылган сайттар көрсөтүлөт)

______________ ________________  ___________________

 (кызмат орду)                    ( колу)                                                (кол тамганы чечмелөө)

 

М.О.

 

 

Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибине

2-тиркеме

 

Аукциондун көлөмүн тастыктоо

 

“Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК

 

Банк-агент “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында 202__-жылдын “___” ________ өткөрүлгөн жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштырууга байланыштуу аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжалар таанылган (тастыкталган) деп эсептелсин деп билдирет:

Аукциондук лоттордун каттоо номери

Көрсөтүлгөн көлөм

(сом)

Бекитилген көлөм (сом)

Эскертүү

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

 

 

 

202__-жылдын “__” _______ өткөн аукционго коюлган жана коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылууга тийиш болгон жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын жалпы суммасы, баштапкы жалпы жарыяланган каражаттардын көлөмү ___________________ сом суммасы менен          (суммасы)

______________  сом деп эсептелсин.

            (суммасы)

 

_____________________________            ___________________           _________________________________

Агент банктын жетекчисинин кызмат орду             кол коюлган жер                                            (аты-жөнү)