Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 10/III-29
Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-ж. № 205/XXVI-25- токтому менен бекитилген (Восточная көч. 47) «Кант шаарын өнүктүрүүнүн жана жерди пайдалануунун эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Туруктуу комиссиялардын 23.01.2025-жылдагы кошмо жыйынынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 23.01.2025-жылдагы №03-1/446 «Кант шаарын өнүктүрүү жана жер пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу катын кароо менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-ноябрындагы №205/XXVI-25 токтому менен бекитилген “Кант шаарын өнүктүрүүнүн жана жерди пайдалануунун эрежелеринин” 2-бөлүгүнүн 2.1-главасынын “Кант шаарынын зоналаштыруу картасы” 30-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кант шаары, Восточная көчөсү - 47 дареги боюнча жайгашкан жер тилкесин «С-1» зонасынан (чоң жер тилкелери бар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия жана спорт объектилери) «Ж-1» зонасына (жеке менчик турак жай куруу зонасы) которууга уруксат берилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Д.Ногоев) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |