Загрузка документа…
ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы № 01/03-13
Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бɵлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ” Мыйзамын,Кыргыз Ɵкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-матрындагы №169 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо)тартиби жɵнүндɵгү убактылуу Жобосун жетекчиликке алып
Токтом кылат:
1. Тегирменти айылынын Кайырма жайытынан кɵрүстɵн катары колдонуу үчүн, 11,3 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт ) категориясынан “Башка багыттагы” категориясына трансформациялоого уруксаат берилсин.
№ | Контур | Жалпы аянты (га) | Колдонуулучу аянт (га) |
1 | 986- жайыт | 2,3 | 2,3 |
2 | 987- жайыт | 9,0 | 9,0 |
| Жалпы : | 11,3 га | |
2. Токтомду ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймакттык бөлүмүнө каттоодон өткөрүүгө жөнөтүлсүн.
3.Жерлерди трансформациялоо үчүн тийиштүү документтер даярдалсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл ɵкмɵт башчысына жүктөлсүн.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Едилов |