Загрузка документа…
ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы № 01/03-14
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктун жетекчиликке алып
Токтом кылам
1. Чоң-Кемин айыл аймагынын Тɵрт-Күл айылдык маданият үйүнүн имараты (1959-жылы курулган) авариялык абалда тургандыктан жана эскилиги жетип колдонулбай калгандыгына байланыштуу, айыл ɵкмɵтүнүн балансттык наркын жоготкондуктан жабык деп белгиленсин.
2. Чоң-Кемин айыл аймагынын Карал-Дɵбɵ айылдык маданият үйүнүн имараты (1978-жылы курулган) авариялык абалда тургандыктан жана эскилиги жетип колдонулбай калгандыгына байланыштуу, айыл ɵкмɵтүнүн балансттык наркын жоготкондуктан жабык деп белгиленсин.
3. Токтомду ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймакттык бөлүмүнө каттоодон өткөрүүгө жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чоң-Кемин айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Едилов |