Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 12/III-29
Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине Люксембург айылындагы унаа жуучу айыл чарба техникаларын жууп-тазалоочу жана таза суу чыгаруучу жайда жайгашкан №1, №2-тилкелерин кабыл алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин кошмо отурумундагы туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын 2024-жылдын 12-июнундагы №03-1/3068-Кант шаардык мэриясынын таза суу чыгаруучу жана айыл чарба техникаларын жууп-тазалоочу жайлар жайгашкан №1, №2-жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө катын кароо менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Идентификациялык коду 7-04-12-0008-0097, 7-04-12-0008-0098 болгон айыл чарба техникаларын жууп-тазалоочу жана таза суу чыгаруучу жайда жайгашкан №1, №2-жер тилкелери Кант шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- Идентификациялык коду 7-04-12-0008-0097, 7-04-12-0008-0098 болгон айыл чарба техникаларын жууп-тазалоо жана таза суу чыгаруучу жайда жайгашкан №1, № 2 –жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштерин жүргүзсүн;
- Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик объекттеринин жана мүлкүнүн реестрине киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияна (Шакиров Б.А.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |