Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 3039-VII
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2278-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрайымы А.Н.Абдибаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Айыл Банк" ААКы менен биргеликте:
1) өтүнмөлөрдү берүүнүн жана кезектерди түзүүнүн автоматташтырылган тутуму боюнча:
а) зайымчыларга онлайн-өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган санариптик платформаны иштеп чыксын;
б) банк кызматкерлеринин кийлигишүүсүз кезектерди автоматтык түрдө түзүү функциясын ишке киргизсин;
в) кредит тарыхын жана критерийлерге ылайыктуулугун автоматтык түрдө текшерүү үчүн тутумду мамлекеттик маалымат базалары менен интеграцияласын;
г) зайымчыларга жеке кабинети аркылуу жеңилдетилген кредит алууга өтүнүү статусун контролдоо мүмкүнчүлүгүн берсин;
2) бирдиктүү ченемдик база боюнча:
а) жеңилдетилген кредит берүүгө катышкан бардык банктар үчүн бирдиктүү эрежелерди жана критерийлерди белгилесин;
б) кредиттерди максаттуу пайдаланууну текшерүүнүн деталдуу методикасын иштеп чыксын;
в) пайыздык ставкаларды субсидиялоонун так механизмдерин көрсөтсүн;
г) бюрократиялык тоскоолдуктардын жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча чараларды көрсүн;
3) маалымат компаниясы боюнча:
а) фермерлер жана ишкерлер үчүн жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттер жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
б) кредиттер, талаптар жана өтүнмөлөрдү берүү жол-жоболору жөнүндө толук маалымат камтылган онлайн-ресурсту ишке киргизсин;
в) өлкөнүн региондорунда иштей турган консультациялык мобилдик борборлорду жана кайрылуулар үчүн "тез кабарлоону" уюштурсун;
г) фермерлерге жана ишкерлерге жеңилдетилген кредиттер жөнүндө социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жигердүү маалымдасын;
4) жеңилдетилген кредиттөөнүн мамлекеттик программаларын ишке ашыруу процесстерин контролдоо жана текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча:
а) комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү киргизилсин;
б) кредит берүү программаларына үзгүлтүксүз мониторинг жана аудит жүргүзсүн;
в) комиссиянын ишинин регламентин, анын ичинде зайымчылардын арыздарына текшерүү жүргүзүүнүн жана алар боюнча чара көрүүнүн тартибин иштеп чыксын;
5) субсидиялоо саясатын кайра карап чыгуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча:
а) зайымчылар үчүн талаптар жөнөкөйлөтүлсүн жана жеңилдетилген кредит алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмесин азайтсын;
б) электрондук документ жүгүртүүнү киргизсин жана аны "Түндүк" маалымат тутуму менен интеграцияласын;
в) субсидиялоонун реалдуу экономикалык кырдаалды эске алган жаңы механизмдерин иштеп чыксын;
г) субсидиялоонун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзсүн жана кредиттердин жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен пайыздык ставкаларды тастыктасын.
3. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткарылган иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2025-жылдын 25-декабрына чейин берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |