Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 14/III-29
Люксембург айылындагы № 136-контурунда (МТФ) жайгашкан таза суу башкы курулмасын Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин кошмо отурумунун туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын Люксембург айылындагы № 136-контурунда (МТФ) жайгашкан таза суу башкы курулмасын Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 03-1/3068-катынкарап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылындагы идентификациялык коду 7-04-12-0008-0240 болгон 136-контурда (МТФ) жайгашкан таза суу башкы курулмасы Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- Идентификациялык коду 7-04-12-0008-0240 болгон 136-контурда (МТФ) жайгашкан таза суу башкы курулмасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштерин жүргүзсүн;
- Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик объекттеринин жана мүлкүнүн реестрине киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияна (Шакиров Б.А.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |