Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 15/III-29
К. Тагаев көчөсү № 3 дарегинде жайгашкан имараттары бар
(мектепке чейинки билим берүү мекемеси) жер тилкесин
Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө жана шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын К.Тагаев көчөсү № 3 дарегинде жайгашкан имараттары бар (мектепке чейинки билим берүү мекемеси) жер тилкесин Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү 16.01.2025-ж. 03-1/145-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Тагаев көчөсү № 3 дарегинде жайгашкан имараттары бар (мектепке чейинки билим берүү мекемеси) жер тилкеси Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- К.Тагаев көчөсү № 3 дарегинде жайгашкан имараттары бар (мектепке чейинки билим берүү мекемеси) жер тилкесин «Машина сыноо станциясы» ачык акционердик коомунун балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштерин жүргүзсүн;
- Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик объекттеринин жана мүлкүнүн реестрине киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияна (Шакиров Б.А.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |