Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу №1
Vчакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин 15-август 2024-жылдагы ХХХVII сессиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын , сот, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин убактылуу жашоосу үчүн курулган турак үйлөрдү жана жер аянттарын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү боюнча” 6-токтомуна өзгөртүү жана
толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “ Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы , транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. V чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин 15-август 2024-жылдагы ХХХVII сессиясынын №6 токтомунун 1-пунктундагы “И.Раззаков көчөсү №39 дарегинде жайгашкан 363,0 чарчы метр жер тилкеси имараттары менен (идентификациялык коду 4-05-01-0002-0399) белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин”-деген сүйлөмдөгү №39 деген санга “в” тамгасы кошулуп, №39в- деп толукталсын жана идентификациялык кодунда көрсөтүлгөн (4-05-01-0002-0399) 03 санынын ордуна 04 саны жазылып, (4-05-01-0002 -0499) - деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Эсеналиев |