Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 16/III-29
Кант шаарынын Гагарин көчөсү 17 дарегинде жайгашкан аймакты жана имараттарды (автобаза) Кант шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө жана шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын Гагарин көчөсү №3 дарегинде жайгашкан аймакты жана имараттарды Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү 16.01.2025-ж. 03-1/146-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын Гагарин көчөсү 17 (автобаза) дарегинде жайгашкан техникалык паспорту боюнча 34000,00 кв.м., укук белгилөөчү документтери боюнча 28143,27 кв.м., идентификациялык коду 7-04-03-0018-0158-01-001, 7-04-01-0301 болгон жалпы аянты 3190,39 кв.м. аймак жана имараттар Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
Кант шаарынын Гагарин көчөсү 17 (автобаза) дарегинде жайгашкан техникалык паспорту боюнча 34000,00 кв.м., укук белгилөөчү документтери боюнча 28143,27 кв.м., идентификациялык коду 7-04-03-0018-0158-01-001, 7-04-01-0301 болгон жалпы аянты 3190,39 кв.м. аймак жана имараттар “Каниет” ачык акционердик коомунун балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштерин жүргүзсүн;
- Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик объекттеринин жана мүлкүнүн реестрине киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияна (Шакиров Б.А.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |