Редакцияот 25.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июну № 47

 

 

Бишкек шаарынын административдик райондорунун

чек араларын бекитүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын схемалык карталары ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык;

Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын баяндамасы ушул токтомдун 5-8-тиркемелерине ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                                 Б. Усеналиев

                                                               

                                                                                           Бишкек шаардык кеңешинин

                                                                                                     2025-жылдын «25» июнундагы

                                                                                                     № 47 токтомуна 6 тиркеме

 

 

Бишкек шаарынын

Биринчи май административдик районунун

чек араларынын баяндамасы

 

Чек аралар:

1. Байтик Баатыр проспекти менен И. Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши боюнча түндүктү көздөй  Жибек-Жолу проспектине чейин.

2. Жибек Жолу проспекти менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши боюнча батышты көздөй Жаш Гвардия бульварына чейин.

3. Жаш Гвардия бульвары боюнча түштүктү көздөй М. Рыскулов көчөсүнө чейин.

4. М. Рыскулов көчөсү боюнча батышты көздөй Чүй проспектине чейин.

5. Дэн Сяопин проспекти боюнча батышты көздөй Кустанай көчөсүнө чейин.

6. Кустанай көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чоң Чүй каналына (ЧЧК) чейин.

7. Ала-Арча суу сактагычынан чыккан дарыяны бойлото түндүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.

8. Түндүк айланма жолу боюнча чыгышты көздөй Ю. Фучик көчөсү менен кесилишке чейин.

9. Ю. Фучик көчөсүнөн түндүктү көздөй Ак-Чий көчөсү менен Сокулук районунун чек арасы боюнча «Мурас-Ордо» конушунун чегине чейин.

10. «Мурас-Ордо» конушунун чегинен түндүктү көздөй Сокулук районунун чек арасы боюнча көлмөгө чейин.

11. Көлмөдөн, түштүк, түндүк жана чыгышты көздөй көлмөнү айланып Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Ала-Арча суу сактагычына чейин (батыш тарабы).

12. Ала-Арча суу сактагычын бойлото, чыгышты, түштүктү, түндүктү көздөй, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына (батыш тарабы) чейин.

13. Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын батыш тарабынан түштүктү көздөй дарыяны бойлото Бухара көчөсүнө чейин.

14. Бухара көчөсү боюнча чыгышты көздөй Коллекторная көчөсүнө чейин.

15. Коллекторная көчөсү боюнча түштүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.

16. Саадаев көчөсү боюнча чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

17. Тоголок Молдо көчөсү боюнча түштүктү көздөй Жибек-Жолу проспектине чейин.

18. Жибек-Жолу проспекти боюнча чыгышты көздөй Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.

19. Ж. Абдрахманов көчөсү боюнча түндүктү көздөй И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.

20. И. Ахунбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Ч. Айтматов проспектине чейин.

 

Анклавдар:

1. «Манас» аэропортунун жер участогу,  жалпы аянты – 3691,13 га.

2. «Бугу-Эне-Багыш» конушунун жер участогу, жалпы аянты – 142,25 га.

3. «Манас» авиашаарчасынын жер участогу, жалпы аянты – 8,15 га.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси      И. Б. Аденов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                             

             

 

          

 

 

 

                                                                                                     Бишкек шаардык кеңешинин

                                                                                                     2025-жылдын «25» июнундагы

                                                                                                     № 47 токтомуна 8 тиркеме

           

Бишкек шаарынын

Октябрь административдик районунун

чек араларынын баяндамасы

 

Чек аралар:

1. Темир жол боюнча Чыгышты көздөй Байтик Баатыр көчөсүнөн Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча «Учкун-2» конушуна чейин.

2. Темир жолдон түштүктү көздөй «Анар-Бак» конушуна чейин, «Анар-Бак» конушунун чек арасы боюнча «Покровский» каналы Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча Полевая көчөсүнө чейин.

3. Полевая көчөсүнөн түштүктү көздөй «Тоо-Жели» дачасына чейин.

4. «Тоо-Жели» дачасынан Аламүдүн районунун чек арасы боюнча                     Т. Айдарбеков көчөсүнө чейин.

5.  Т. Айдарбеков көчөсү боюнча түндүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы  боюнча  Маликов көчөсүнө чейин.

6.  Маликов көчөсү боюнча батышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча «Приборист» дачасына чейин.

7. «Приборист» дачасынан түндүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Майрам көчөсүнө чейин.

8. Жергиликтүү көчө боюнча батышты көздөй Майрам көчөсүнөн, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Аламүдүн районунун Аруун көчөсүнө чейин.

9. Жергиликтүү көчө боюнча Аламүдүн районунун Аруун көчөсүнөн Аламүдүн районунун чек арасы боюнча жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабына чейин.

10. Жергиликтүү көчө боюнча жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабын бойлото Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Ормокоев көчөсүнө чейин.

11. Ормокоев көчөсү Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Рысмендеев көчөсүнө чейин.

12. Рысмендеев көчөсү Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Иманалиев көчөсүнө чейин.

13. Иманалиев көчөсү боюнча батышты көздөй Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.

14. Семетей көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин.

15. Ч. Айтматов проспектибоюнча Семетей көчөсүнөн түндүктү көздөй                    И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.

16. И. Ахунбаев көчөсүбоюнча Ч. Айтматов проспектинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.

17. Байтик Баатыр көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнөн темир жолго чейин.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси  И. Б. Аденов           

                                                                                                                                                                                                       

       Бишкек шаардык кеңешинин

                                                                                                     2025-жылдын «25» июнундагы

                                                                                                     № 47 токтомуна 7 тиркеме

 

 

Бишкек шаарынын

Свердлов административдик районунун

чек араларынын баяндамасы

 

Чек аралар:

1.    Темир жолдун түндүк тарабынан Ж.Абдрахманов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Жибек -Жолу проспектине чейин.

2.    Жибек -Жолу проспекти боюнча Ж.Абдрахманов көчөсүнөн батышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

3.    Тоголок Молдо көчөсү боюнча Жибек-Жолу проспектинен түндүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.

4.    Саадаев көчөсү боюнча Тоголок Молдо көчөсүнөн батышты көздөй Коллекторная көчөсүнө чейин.

5.    Коллекторная көчөсү боюнча Саадаев көчөсүнөн түндүктү көздөй Белинский көчөсүнө чейин.

6.    Белинский көчөсү боюнча Коллекторная көчөсүнөн батышты көздөй Профессор Зима көчөсүнө чейин.

7.    Бухара көчөсү боюнча Профессор Зима көчөсүнөн батышты көздөй Сары-Челек көчөсүнө чейин.

8.    Ала-Арча дарыясы боюнча Бухара көчөсүнөн түндүктү көздөй Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына чейин.

9.    Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынан чыгышты көздөй «Ак-Жар» конушунун түндүк-чыгыш чек арасына чейин.

10. «Ак-Жар» конушунун түндүк-чыгыш чек арасынан түштүктү көздөй  Түндүк айланма жолуна чейин.

11. Түндүк айланма жолунан чыгышты көздөй «Дордой-2» конушунун 12-көчөсүнө чейин.

12. «Дордой-2» конушунун 12-көчөсү боюнча Түндүк айланма жолунан түндүктү көздөй А.Садыков көчөсүнө чейин.

13.  А. Садыков көчөсү боюнча түндүктү көздөй Р. Сатиев көчөсүнө чейин.

14.  Р. Сатиев көчөсү боюнча түштүктү көздөй Аламүдүн дарыясын бойлото  Түндүк айланма жолуна чейин.

15. Түндүк айланма жолу боюнча Аламүдүн дарыясынан чыгышты көздөй  Алма-Ата көчөсүнө чейин.

16. Алма-Ата көчөсү боюнча Түндүк айланма жолунан түндүктү көздөй түндүк-чыгыш жол айырылышына чейин.

17. Түндүк-чыгыш жол айырылышы боюнча түштүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.

18. Түндүк айланма жолунун түндүк-чыгыш жол айырылышы менен кесилишинен түштүк-батышты көздөй Алма-Ата көчөсүнө чейин.

19. Алма-Ата көчөсү боюнча түштүктү көздөй Гидростроитель көчөсүнө чейин.

20.  Гидростроитель көчөсүнүн чыгышка уланышы боюнча Алма-Ата көчөсүнөн чыгышты көздөй Чекиш-Ата көчөсүнө чейин.

21. Чекиш-Ата көчөсү боюнча Гидростроитель көчөсүнүн чыгышка уланышынан түштүктү көздөй  Панфилов көчөсүнө (Аламүдүн айылына) чейин.

22. Панфилов көчөсү боюнча Чекиш-Ата көчөсүнөн түштүктү көздөй Суворов көчөсүнө чейин.

23. «Мыкан» конушу толугу менен.

24. Суворов көчөсүнөн чыгышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Ленин көчөсүнө чейин.  

25. Ленин көчөсү боюнча түштүктү көздөй Восток айылынын чыгыш тарабын бойлойто Широкое көлүнө чейин.

26. Садовое айылы толугу менен.

27. Широкое көлүнөн түндүк-чыгышты көздөй көлмөнүн түштүк-чыгыш чегине чейин.

28. Дачный айылы толугу менен.

29. Түндүк айланма жолу боюнча көлмөнүн түштүк-чыгыш чегинен  чыгышты көздөй  «Биримдик-Кут» конушунун түндүк-чыгыш чегине чейин.

30. «Биримдик-Кут» конушунун түндүк-чыгыш чегинен түштүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Чоң Чүй каналына чейин.

31. Чоң Чүй каналы боюнча Пушкин көчөсүнөн түштүк-чыгышты көздөй «Учкун»  конушуна чейин.

32. «Учкун»  конушу толугу менен;

33. Темир жолдун түндүк тарабы боюнча Чоң Чүй каналынан батышты көздөй Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.

34. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери (Рассвет айылы)  Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси      И. Б. Аденов

 

 

 

 

 

                                                                                                     Бишкек шаардык кеңешинин

                                                                                                     2025-жылдын «25» июнундагы

                                                                                                     № 47 токтомуна 5 тиркеме

 

 

Бишкек шаарынын

Ленин административдик районунун

чек араларынын баяндамасы

 

Чек аралар:

1. Кустанай көчөсүнөн Дэн Сяопин проспекти боюнча чыгышты көздөй Ю.Фучик көчөсүнө чейин.

2. Ю. Фучик көчөсүнөн Рыскулов көчөсү боюнча чыгышты көздөй Жаш Гвардия бульварына чейин.

3. Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульвары боюнча түндүктү көздөй Жибек Жолу проспектине чейин.

4. Жаш Гвардия бульварынан Жибек Жолу проспекти боюнча чыгышты көздөй Манас проспектине чейин.

5. Жибек Жолу проспектинен Манас проспекти боюнча түштүктү көздөй  Л.Толстой көчөсүнө чейин.

6. Л.Толстой көчөсүнөн Ч.Айтматов проспекти боюнча түштүктү көздөй Семетей көчөсүнө чейин.

7. Семетей көчөсүнөн чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.

8. Семетей көчөсүнөн Ала-Арча дарыясын бойлото түштүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча С.Чокморов айылына чейин.

9.  С. Чокморов айылынан батышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Байтик айылынын аркасына чейин.

10. Байтик айылынын аркасынан түндүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн чыгыш аймагына чейин.

11. Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн чыгыш чекитинен батышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн батыш чекитине чейин.

12. Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн батыш чекитинен Аламүдүн районунун чек арасын бойлото түштүктү көздөй Аламүдүн жана Сокулук райондорунун чек аралары боюнча Достук айылына чейин.

13. Достук айылынан батышты көздөй Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын чек арасы боюнча суу сактагычка чейин.

14. Суу сактагычтан түндүктү көздөй Сокулук районунун Кунтуу жана Кожомкул айыл аймактарынын чек аралары боюнча Тынчтык конушуна чейин.

15. Тынчтык конушунун батыш чек арасынан түндүктү көздөй Сокулук районунун Гавриловка жана Манас айыл аймактарынын чек аралары боюнча Түндүк айланма жолуна чейин.

16. Түндүк айланма жолунан чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.

17. Түндүк айланма жолунан түштүктү көздөй Ала-Арча дарыясын бойлото Кустанай көчөсүнүн жана Чоң Чүй каналынын уланышына чейин.

18. Чоң Чүй каналынан түштүктү көздөй Кустанай көчөсү боюнча Дэн Сяопин проспектине чейин.

Анклавдар:

1. «Ат – Майдан» жер участогу, жалпы аянты – 219, 09 га.

2. «Ата – Бейит» жер участогу, жалпы аянты – 61,43 га.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси      И. Б. Аденов