Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 17/III-29
«Кант шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга уруксат берүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү 2025-жылдын 20-январындагы № 03-1/188-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясына «Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү күрөөгө коюуга уруксат берилсин:
– Кант ш. Токтогул көч. № 6, Кант суу каналынын башкы офиси (административдик имарат), идентификациялык коду 7-04-02-0023-0003;
– 2 кчр. н/ж, № 4-КЖББОМнин жанында, «мектеп» курулмасы, идентификациялык коду 7-04-01-0020-0055;
– Кант ш. Ворошилов көч. н/ж, № 1-курулма, идентификациялык коду 7-04-03-0016-0237;
– Кант ш. Киров көч. н/ж, № 2-курулма, идентификациялык коду 7-04-03-0016-0236;
– Кант ш. 2 кчр. н/ж, «гаражная» курулмасы, идентификациялык коду 7-04-01-0020-0057.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |