Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 18/III-29
Кант шаарындагы кварталдык жана үй комитеттеринин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын кошмо отурумунун чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын Кант шаарынын кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 21.01.2025-жылдагы №03-1/199-катын кароо менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |
Кант шаардык кеңешинин
05.02.2025-ж. №18/III-29
токтомунун тиркемеси
Кант шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жобо
Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык кварталдык жана үй комитеттердин иш-аракетин жөнгө салат.
1. Кварталдык комитеттер – бул жергиликтүү маселелерди чечүү жана коомчулуктун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн белгиленген кичирайондордун же кварталдардын жашоочуларынын кызыкчылыктарын жеткирген адамдар.
2. Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде, турак жай аймактарында жана жеке курулуш аймактарында, ал эми үй комитеттери бир же бир нече көп кабаттуу үйлөрдө түзүлөт.
3. Комитеттин ишинин аймагынын чек аралары Кант шаарынын мэринин жана шаардын тургундарынын сунуштарын эске алуу менен Кант шаардык кеңеши тарабынан белгиленет.
4.Комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарда) шайлануучу негизде түзүлөт.
5. Комитеттер өз статусун Кант шаардык кеңешинде милдеттүү каттоодон өткөндөн кийин алышат. Комитет аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде каттоо үчүн документтерди берет.
6. Комитеттер аларды шайлаган жана Кант шаардык кеңешинде каттоодон өткөргөн жарандардын чогулуштарында, ал эми берилген ыйгарым укуктар боюнча Кант шаарынын мэриясына отчет берет.
7. Кварталдык комитеттер жарым жылда бир жолудан кем эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
8. Шаар мэриясы кварталдык комитеттердин ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алып, аларга усулдук жардам көрсөтүүсү керек.
II. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
9. Комитеттерди шайлоо кварталдын аймагында же көп кабаттуу үйдө (үйлөрдө) жашаган жана катталган жарандардын жалпы чогулуштарында өткөрүлөт.
10. Жалпы чогулушту ошол аймактын жашоочулары мэрия менен биргеликте уюштурат жана өткөрөт. Отурумду өткөрүү күнү жана орду Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясы менен макулдашылат.
11.Жалпы чогулуштун ишине төмөндөгү адамдар катыша алат:
а) 18 жашка толгон жана тиешелүү аймакта катталган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
б) Кант шаардык кеңешинин депутаттары, Кант шаарынын мэриясынын кеңеш берүүчү добушка укугу бар өкүлдөрү;
12. Комитеттин мүчөлөрүн шайлоо тиешелүү документтери менен көчөлөрдүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринин жалпы чогулуштарында жашоочулар тарабынан өткөрүлөт.
13. Көчөлөрдүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришиндеги жалпы чогулушу кворум болгон учурда укуктуу деп эсептелет:
а) кварталдык комитеттерди шайлоодо – үйлөрдүн жалпы санынын 35%дан кем эмес өкүлдөрү болгондо;
б) үй комитеттеринин мүчөлөрүн шайлоодо – жалпы батирлердин 35%дан кем эмес өкүлдөрү болгондо.
Жыйынга катышкан тургундардын жалпы санынын 50%дан ашык добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.
Кварталдык жана үй комитеттеринин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.
14. Комитетке анын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн 3төн кем эмес мүчө шайланат. Саны жалпы чогулуш тарабынан бекитилиши керек жана үйлөрдүн жана батирлердин санына жараша жогору карай өзгөрүшү мүмкүн, бирок 9 адамдан ашпоого тийиш. Комитеттин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
15. Кварталдын же үй комитетинин төрагасы болуп жөндөмдүү, ошол кварталда же үйдө катталган жана туруктуу жашаган, 18 жаштан жаш эмес, орто билими бар, соттолбогон же соттолгондугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынып салынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
16. Шайланган комитет жыйналыштан кийин дароо уюштуруу жыйынын өткөрөт, анда Комитеттин төрагасы жана төрагасынын орун басары шайланат.
Ачык добуш берүүдө добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Комитеттин төрагасын шайлоо үчүн жыйналышка Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча) мүчөлөрү, Кант шаарынын мэриясынын кеңеш берүүчү добушка укугу бар өкүлдөрү катыша алышат.
17. Жаңы кварталдарды жана үй комитеттерин түзүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык чакырылат.
18. Жаңы кварталдарды, үй комитеттерин түзүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлануучу кызмат адамдарын шайлоо ачык-айкын жүргүзүлөт.
III. Комитеттердин ыйгарым укуктары жана функциялары
19. Комитет төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) иешелүү аймакты өнүктүрүүнүн пландарын жана программаларын иштеп чыгууга катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосуна сунуштарды киргизүүгө;
б) бекитилген аймакта көрктөндүрүү, оңдоо жана санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштурууга;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
г) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдеринин аткарылышын уюштурууга;
д) турак жайларды куруунун, пайдалануунун, турак-жай имараттарын жана ага чектеш аймактарды күтүүнүн эрежелеринин, өрт коопсуздугунун жана санитардык нормалардын сакталышына, жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, тарых жана маданият эстеликтерин коргоого коомдук көзөмөлдү ишке ашырууга, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү органдарга сунуштарды киргизүүгө;
ж) бекитилген аймактагы тиешелүү бийлик органдарына санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрткө каршы көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүгө;
з) коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
к) коомдук турмуштун ар түрдүү маселелери боюнча демилгелер менен чыгууга, жергиликтүү бийлик органдарына сунуштарды киргизүүгө;
л) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жана колдонуудагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө калкка маалымдоо жана алардын аткарылышын уюштурууга.
20. Келишимдик негизде Кант шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
21. Комитеттин төрагасы:
а) Комитеттин ишин уюштурат;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда, мекемелерде жана коомдук уюмдарда Комитеттин атынан чыгат;
в) Кант шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана өздөрүнүн чечимдерин аймактын жашоочулары тарабынан аткарылышын уюштурат;
г) кварталдык комитеттер Кант шаардык кеңешинин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле жарандардын, уюмдардын кайрымдуулук каражаттарынын жана гранттардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
22. Тиешелүү аймактын калкынын таламдарына таасир этүүчү маселелерди чечүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен учурларда Комитетке Кант шаардык кеңеши жана мэриясы тарабынан жазуу жүзүндөгү эскертүү берилиши мүмкүн.
IV. Комитеттерди жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
23. Комитеттерди жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо төмөнкүдөй учурларда өткөрүлөт:
а) Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн чыгып кетиши;
б) Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча), ошол аймактын жашоочуларынын жалпы санынын 35%тен кем эмесин түзгөн жашоочулардын демилгелүү тобунун сунушу менен.
24.Комитеттин төрагалары Комитет тарабынан төмөнкүдөй учурларда кайрадан шайлана алат:
а) милдеттерин талаптагыдай аткарбаганда;
б) Кант шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын, ушул аймактын шайлаган калкынын жалпы санынын 35%тен кем эмес жашоочуларынын жана Комитеттин ишеним көрсөтпөөсүнөн;
в) жеке арызы же ден соолугун абалына байланыштуу.
25. Кайра шайланган учурда Комитеттин төрагасы Комитеттин учурдагы мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
V. Корутунду бөлүмү
26. Жарандардын жалпы чогулушунун (жыйынын), Комитеттин уюштуруу жыйынынын протоколдорунун көчүрмөлөрү мэрияга берилет, мэрия аларды Кант шаардык кеңешинде каттоодон өткөндөн кийин каттайт.
27. Бул Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын, Кант шаардык мэриясынын сунуштарынын негизинде киргизилет жана Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.