Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 20/III-29
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ченин бекитүү жөнүндө
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-беренесинин 75-пунктуна ылайык чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-январындагы №1/2-таштанды чыгаруу үчүн төлөмдүн ченин бекитүү жөнүндө катын кароо менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишканада иштеп жаткандардын (юридикалык жактар үчүн) бекитилген аянтын жана санын эсепке алуу менен таштандыларды ташып чыгаруу акысынын чени 100 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |