Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-августундагы № 487
Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кенеши жөнүндө
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жана 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 245 “Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитет жөнүндө” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).