Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
02- кезексиз сессия
2024-жылдын 3-декабры № 6/II-29
Кант шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча
Жобону бекитүү жөнүндө
Шаар коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Кант шаарынын жыргалчылыгын жана гүлдөп өсүшүн камсыз кылууга багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы негизделет
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 19-мартындагы “174/XXIII-27 “Шаардын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кант шаарынын мэриясы Кант шаардык кеңешинин ушул токтомун так аткарсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |
Кант шаардык кеңешинин
03.12.2024-ж. №6/II-29-токтомунун
тиркемеси
I. Жалпы ЖОБО
«Шаардын ардактуу атуулу» наамы коомдук турмушка жигердүү катышкан, шаардын маданий-социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилигин жакшыртууга өзгөчө салым кошкондорго калктын жашоо шартын, укуктук жана эмгек тартибин, достукту жана биримдикти чыңдоо, чарбаны үлгүлүү тартипте кармоо, урматтоо, алардын эмгегин баалоо максатында коомчулуктун атынан ыраазычылык, өзгөчө жаш муундардын алдында кадыр-баркын көтөрүү жана үлгү катары көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шаардык кеңешинин сунушу менен ыйгарылат.
II. “Шаардын ардактуу жараны” наамын ыйгаруунун шарттары
2.1. Жаранга“Кант шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруунун негиздери болуп саналат:
• Узак мөөнөттүү натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүгү;
• Кант шаарынын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн кайраткердик иштерди жасоо;
• Кыргыз Республикасы жана Кант шаары үчүн мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, экономикалык, социалдык же башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө Кант шаарынын тургундарына кеңири таанылган эмгеги;
• Шаардык структуранын системасында (уюмдарында жана мекемелеринде) 15 жылдан кем эмес жемиштүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында шаардын тургундарынын арасында узак мөөнөттүү, туруктуу жана атак-даңкы кеңири жайылган жаран, Кант шаарынын мэри, Кант шаардык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенгендер, үч жолудан кем эмес шайланган Кант шаардык кеңешинин депутаттары.
2.2. «Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жогорку кызмат адамына, жергиликтүү кеңештин учурда иштеп жаткан депутатына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, жалпы билим берүү уюмдарынын, мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын жана башка жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна берилбейт.
Көрсөтүлгөн кызматтардын бирин ээлеген адамга “Кант шаарынын ардактуу жараны” наамы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин же бул кызматта иштегенден кийин алты айдан эрте эмес убакытта ыйгарылат.
2.3 .«Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы жылына бир жолу бир адамга ыйгарылышы мүмкүн.
2.4. Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы соттуулугу жоюлбаган же соттолгондугу аныкталган адамга берилбейт.
III. «Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү тартиби
3.1. .«Шаардын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу маселеси кварталдык комитеттердин, аксакалдар сотунун жана башка коомдук уюмдардын, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кайрылууларынын негизинде шаардык кеңештин жыйынында көтөрүлүп, талкууланып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.
Шаардык кеңеш келип түшкөн материалдарды жана депутаттардын ой-пикирлерин тыкыр иликтеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конкреттүү мүчөсүнө «Шаардын ардактуу жараны» наамын жеке ыйгаруу жөнүндө сессия тарабынан кабыл алынган токтомду ишке ашырат.
3.2 «Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган адамга «Кант шаарынын ардактуу атуулу» төшбелгиси жана «Кант шаарынын ардактуу атуулу» төш белгиси үчүн күбөлүк тапшырылат.
3.3 «Кант шаарынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган адамдарга материалдык кызыктыруучу сыйлык иретинде жергиликтүү бюджеттен 5,0 (беш) миң сом акча каражаты бөлүнөт.
3.4 Кант шаарынын ардактуу атуулдарына туруктуу негизде жеңилдик катары Кант шаарында маршруттук таксилерде бекер жүрүү укугуна күбөлүк берилет.
3.5 “Кант шаарынын ардактуу атуулу” төш белгиси эки элементтен – илмек жана атайын калыптан турат. Илмек 12 бурчтуу жылдыздын формасына ээ. Жылдыздын ортосунда түндүктүн фонунда(Канттын логотиби) Кант шаарынын өнөр жай ишканаларынын сүрөтү тартылган. Логотип "КАНТ ШААРЫНЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ" деген жазуусу менен тегерете курчалган.
Илмектинарткы бетине кезектеги номери чегилген. Блоктун арткы жагында төш белгини кийимге тагуу үчүн коопсуздук төөнөгүч бар.