Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 3078-VII
Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-1-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
1) Акаев Жанарбек Кубанычович – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2) Сейтказиева Эркеайым Алымовна – “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Сагынаев Болот Турусбекович – “Элдик” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4) Талиева Камила Абдыразаковна – “Ата-Журт” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5) Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) А.А.Асанканов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
10) З.К.Курманов - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор;
11) Т.Т.Сырдыбаев - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
12) Ч.И.Арабаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
13) Р.Д.Кыштобаев - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;
14) М.М.Кадырова - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;
15) М.А.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттигинин директору;
16) Ш.З.Мамытканов - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси;
17) Э.А.Ногойбаева - "Центр Полис Азия" коомдук бирикмесинин директору;
18) К.К.Иманалиев - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы;
19) М.Кубанычбек уулу - "Кыргызстанды өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун төрагасы;
20) А.О.Кулматов - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору;
21) Б.Ш.Шамшиев - "Азаттык" радиосунун журналисти.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |