Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2- кезексиз сессия
2024-жылдын 3-декабры № 5/II-29
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин, жалпы билим берүү орто мектебинин, мектептен тышкаркы уюмдардын, балдар музыкалык мектебинин, ҮДТнун,«Кант Тазалык» МИнын, МҮнүн, китепкана жана жатакана кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин, жалпы билим берүү орто мектебинин, мектептен тышкаркы уюмдардын, балдар музыкалык мектебинин, ҮДТнун,«Кант Тазалык» МИнын, МҮнүн, китепкана жана жатакана кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы бюджеттик каражаттардын киреше бөлүгүн ашыкча аткаруунун эсебинен Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин, жалпы билим берүү орто мектебинин, мектептен тышкаркы уюмдардын, балдар музыкалык мектебинин, ҮДТнун, «Кант Тазалык» МИнын, МҮнүн, китепкана жана жатакана кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам үчүн тизмеге ылайык 4965,0 (төрт млн. тогуз жүз алтымыш беш) миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |