Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 3064-VII
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев, Э.К.Абакиров, А.Т.Эрбаев, П.Р.Тулендыбаев, С.А.Атамбаев, И.К.Кубанычбеков, Ы.Ы.Атажанов, Б.А.Калпаев, Э.Т.Токтошев, А.А.Козуев, Ш.Мажитова, Г.С.Молдобекова, А.Алтынбеков, А.А.Исираилов, Ч.А.Айдарбеков, Э.Ж.Сурабалдиева, Ж.К.Акаев, Н.Я.Алимжанова, А.Исатбек кызы тарабынан демилгеленген "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |