Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6- сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 24
Шекер айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаты жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн 4878899 (төрт миллион сегиз жүз жетимиш сегиз миӊ сегиз жүз токсон тогуз ) сом 20 тыйын акча каражатын карап бөлуштүрүп берүү үчүн;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык аймагынын бюджетинин негизги эсебиндеги 2024-жылдан чыгашадан ашкан кирешеси 4878899 (төрт миллион сегиз жуз жетимиш сегиз миӊ сегиз жуз токсон тогуз ) сом 20 тыйын өлчөмүндөгү акча каражатын каралуусу бекитилсин.
2. Чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарга чыгымдалышы белгиленсин.
Шекер айыл өкмөтүнүн аппаратына-3673240,2 (Үч миллион алты жүз жетимиш үч миң эки жүз кырк) сом 20 тыйын.
Шекер айыл өкмөтүнүн Клуб бөлүмүнө-37925 (Отуз жети миң тогуз жүз жыйрма беш) сом.
Шекер айыл өкмөтүнүн Спорт бөлүмүнө-1060000 (Бир миллион алтымыш миң) сом.
Шекер айыл өкмөтүнүн Бала бакча бөлүмүнө-107734 (Жүз жети миң жети жүз отуз төрт) сом.
3. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнүн бекитилген чыгым беренелери боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү жана каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |