Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1- сессия
2024-жылдын 28-ноябры № 2/I-29
Кант шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын
шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзүү башкаруу жөнүндөгүү” мыйзамынын 38 беренесине ылайык, Кант шаардык кеңешинин 28 чакырылышынын депутаттарынын ачык добуш берүү жана жыйынтыктарын эске алып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Кант шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28.11.2024-ж №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Кант шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Курманалиев Каныбек Мелисович, Оморов Болотбек Сагынбековичти шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Л. Дедкова |