Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 4/1
Алайку айыл аймагынын Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасына айыл статусун алуу жана Матикеев Курманали атындагы айыл деп атоо жөнүндө
Алайку айыл аймагынын Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасына айыл статусун алуу иштерин жүргүзүү жана Матикеев Курманали атындагы айыл деп атоо жөнүндө Матикеев Самат Курманалиевичтин арызын карап жана элдик жыйындын 13.02.2025 №2 протоколу менен таанышып чыгып, талкуулап, Алайку айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Алайку айыл аймагынын Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа, Алты Кыштак, Кош-Секи, участкаларын бириктирип айыл статусун алуу жагы каралсын, жана Матикеев Курманали атындагы айыл деп атоо боюнча документ иштерин жүргүзүү, даярдоо жагы Алайку айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Манас Советбековичке милдеттендирилсин.
2.Алайку айыл аймагынын Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа, Алты Кыштак, Кош-Секи, участкаларын бириктирип айыл статусун алуу жагы каралсын, жана Матикеев Курманали атындагы айыл деп атоо боюнча документ иштерин жүргүзүүгө жана даярдоого сарпталган баардык чыгымдарын төлөп берүү жагы Матикеев Курманалинин уулу Матикеев Талантбекке милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б. Абдилазиз уулу |