КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-майы № 3079-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 14-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 14-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын майына карата ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
Ар кандай маселелер;
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү тармагындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын агартуу министринин кызмат ордуна Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнаны дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна Орозов Бактияр Сайпидиновичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |