Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1- сессия
2024-жылдын 28-ноябры № 1/I-29
Кант шаардык Кеңештин төрагасын шайлоонун
жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Кант шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28.11.2024-ж № 3-протоколу бекитилсин.
2. Кант шаардык кеңештин төрагасы болуп Бейшебаев Мыктыбек Темирбековичти шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага |
| Л. Дедкова |