Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 3042-VII
"2024-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 26-февралындагы чыг. № 18-2025) "2024-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |