Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-августу № 187
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"иондоштуруучу нурлануунун булагы - иондоштуруучу нурланууну чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү болгон зат же түзүлүш;
мониторинг - адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкарууга алынган чечимдерди негиздөө үчүн жумуш орундарында да, ошол сыяктуу эле айлана-чөйрөдө да радиологиялык жана башка параметрлерге туруктуу же мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү тутуму;
иондоштуруучу нурлануунун булактары, радиоактивдүү заттар жана калдыктар менен иштөө - иондоштуруучу нурлануунун булактарын, радиоактивдүү заттарды жана калдыктарды пайдалануу, ташуу, сактоо, көмүү менен байланышкан иш, ошондой эле мыйзам актыларында каралган иондоштуруучу нурлануунун булактары менен байланышкан иштин башка түрлөрү;
радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - радиациялык жана ядролук коопсуздукту, радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугун жана радиоактивдүү заттарды ташуу коопсуздугун жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат.";
2) 5-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьянын аталышында жана текстинде "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" деген сөздөр "иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын иштерин координациялоо;";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) радиациялык коопсуздуктуу камсыз кылуу жаатында чет өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын изилдөө, талдоо жана жайылтуу.";
б) 2-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде радиациялык коопсуздукка мамлекеттик контролду уюштуруу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) мамлекеттик санитардык-гигиеналык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө боюнча гигиеналык ченемдер, эрежелер чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) радиациялык кырсык келип чыккан учурда калкты коргоо боюнча иш-чараларга зарыл болгон күчтөрдүн жана каражаттардын даярдануусун жана катышуусун камсыз кылуу;
8) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чет өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын изилдөө, талдоо жана жайылтуу.";
в) 3-бөлүктө:
- 1-пунктта "иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу" деген сөздөр "иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-7-пункттар менен толукталсын:
"5) радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу;
6) радиациялык коопсуздук жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
7) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.";
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) радиоактивдүү заттарды ташууну, сактоону, пайдаланууну жана көмүүнү контролдоо;
10) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.";
д) 6-бөлүктө:
- 1-3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) радиациялык кырсыктардын келип чыгуу коркунучу болгон учурда ыкчам иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү;
2) тиешелүү аймактардагы радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык коопсуздук маселелери боюнча чечимдерге катышуу жана макулдук берүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) тиешелүү аймактардагы радиациялык кырдаал жөнүндө калкка маалымдоо;
5) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.";
е) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бажы иши жана чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү өткөрүү пункттарында радиациялык контролду жүзөгө ашыруу кирет.";
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин алдын алуу, локалдаштыруу боюнча иш-чараларда өз күчтөрүнүн жана каражаттарынын колдонулушун камсыз кылат.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин алдын алуу, локалдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылат.";
5) 13-статьяда:
а) "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"илимдин, техниканын жана технологиянын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен технологиялык процессти жана өндүрүштү өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө.";
6) 17-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |