Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 24-июлу № 153
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 267-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 3-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) - өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;
4) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) атынан сот бийлигинин органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын (мындан ары - атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары) жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын - ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.";
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) киргизилет.";
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Парламенттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Жогорку Кеңешке Жогорку Кеңештин депутаттары жана комитеттери тарабынан киргизилет.";
в) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан Министрлер Кабинетине киргизилет.
4. Жогорку Кеңеш, Жогорку соттун атынан сот бийлигинин органдары жана Конституциялык сот төмөнкүлөрдү сунуштай алышат:
1) Президентке мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө маселени кароону;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына өкмөттөр аралык эл аралык келишимди же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө маселени кароону.";
г) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "Өкмөткө" деген сөз "Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) эл аралык келишимдин тараптары менен макулдашылган эл аралык келишимдин долбоорунун тексти;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;";
- 4 жана 5-пункттарда "баасы" деген сөз "корутундусу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6 жана 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) эл аралык келишим түзүлгөн учурда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастоочу документтер;
7) ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен макулдашууну ырастоочу документ;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.";
д) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Жогорку сот жана Конституциялык сот, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетине макулдашууга киргизилет.";
- экинчи абзацтагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлору жана аларды түзүү жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке, Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен макулдашылат.";
б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуштамалары менен макул болгон учурда тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууну жана макулдашууну жана ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүнү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына тапшырат, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясынын чегинде алардын сунушу боюнча сунушту иштеп чыгуу, макулдашуу жана киргизүү мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын тиешелүү органдары менен эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча консультацияларды өткөрөт.";
4) 8-берененин 1-3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер Президент тарабынан Президенттин тескемеси түрүндө кабыл алынат. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө сунушту Президентке Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизет.
2. Өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинети тарабынан Министрлер Кабинетинин тескемеси түрүндө кабыл алынат.
3. Эл аралык келишимди түзгөн каттар же болбосо ноталар менен алмашуу аркылуу түзүлүүсү болжолдонуучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын тиешелүү катын же нотасын жактыруу тууралуу чечим тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде тескеме түрүндө кабыл алынат.";
5) 9-беренеде:
а) 1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Президент мамлекет башчысы катары Конституцияга жана эл аралык укукка ылайык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.
2. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, эл аралык укукка ылайык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.
3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси эл аралык укукка ылайык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимге кол коюу келишим түзүүчү тараптар макулдашуу жолу менен тиешелүү кызмат адамынын кол тамгасын коюу аркылуу, анын ичинде кызмат адамын идентификациялоону, эл аралык келишимге кол коюунун датасын, убактысын жана ордун белгилөөнү камсыз кылган маалыматтык технологияларды колдонуу менен, атап айтканда, электрондук кол коюу технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат.";
6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, эл аралык келишимдерди парафирлөөгө же кол коюуга ыйгарым укуктар
1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, аларды парафирлөөгө, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктар кызмат адамдарына, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча Президент тарабынан тескеме түрүндө берилет.
2. Өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана парафирлөөгө, ошондой эле аларга кол коюуга ыйгарым укуктар кызмат адамдарына, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Министрлер Кабинети тарабынан тескеме түрүндө берилет.";
7) 12-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунушту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине киргизет.
2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Жогорку Кеңешке киргизилет.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.";
8) 14-беренедеги "ал эми андан кийин -" деген сөздөр "ошондой эле" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 16-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар жактырылгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку Кеңешке киргизилет.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштарды тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;";
- 5 жана 6-пункттарда "баасы" деген сөз "корутундусу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) эл аралык келишимге кошулууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастоочу документтер;";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.";
г) 5-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө маселени кароону.";
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуш-пикирлери менен макул болгон учурда, тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетинин Төрагасына алардын компетенциясынын чегинде киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимге кошулуусу жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органына тапшырат, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча алардын компетенциясынын чегинде сунушту иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.";
10) 17-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) башка мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карата - тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу.";
11) 171-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошулуп жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги ченемдик укуктук актысынын негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кошулуу жөнүндө грамота чыгарылып, ага Президент кол коёт жана анын мөөрү, ошондой эле тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилет.
2. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги ченемдик укуктук актынын негизинде депозитарийге (депозитарийлерге) сактоого кошулуу жөнүндө грамотаны тапшыруу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо анын тапшырмасы боюнча эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлөт.";
12) төмөнкүдөй мазмундагы 172-берене менен толукталсын:
"172-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө чечимдер Президент тарабынан тескеме түрүндө кабыл алынат.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерине жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинети тарабынан тескеме түрүндө кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.
4. Тиешелүүлүгүнө жараша Президентке жана Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү;
2) эл аралык келишимдин депозитарийи болуп саналган чет мамлекеттин же эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине кошулууга же андан чыгууга үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин расмий кабарлоосун жиберүү жөнүндө расмий кайрылуусу;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же андан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегинде тескемесинин долбоору;
4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусунун же андан чыгуусунун мүмкүн болуучу финансылык кесепеттери жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
6) кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусунун же андан чыгуусунун мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө макулдашууну ырастаган документтер;
7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка документтер.";
13) 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди бекитүү жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) Президент тарабынан - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча жарлык түрүндө;
2) Министрлер Кабинети тарабынан - өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча токтом түрүндө.";
14) 181, 19, 20-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"181-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн белгилүү бир категориядагы эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруунун өзгөчөлүктөрү
Компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары мындай эл аралык келишимдердин белгилүү бир категориясы үчүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген мөөнөттөрдө аларды ратификациялоо же бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизет.
19-берене. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө маселенин Конституциялык сот тарабынан каралышы
Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо Конституциялык сот тарабынан "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
20-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосунда келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу зарыл болгон учурларда же болбосо эл аралык келишимдерди ишке ашыруу үчүн мыйзам же башка ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизет.";
15) 22-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же алардын бөлүктөрү күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулушу мүмкүн.";
16) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө тийиш болгон убактылуу колдонуп жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди бекитпөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;
2) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификацияланууга тийиш болгон мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушту жактырбоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;";
- 3-пунктта "Өкмөт тарабынан ратификациялоого киргизилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу колдонгон тараптарга тиешелүү билдирүү жиберет.";
17) 24-берененин 2-бөлүгүндө, 26-берененин 1-бөлүгүндө, 27-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 29-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Эл аралык келишимдердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) сактоо
1. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) түп нускаларын сактоо, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, аларга тиешелүүлүгүнө жараша кол коюлган же каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн күндөн (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алгандан) тартып эки жумалык мөөнөттө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого өткөрүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдарына жиберет.
3. Кыргыз Республикасы түзгөн ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиешелүү мамлекеттик органдарда ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди сактоо үчүн арналган өзүнчө архивдерде туруктуу негизде сакталат.
Тиешелүү мамлекеттик органдар ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган (ведомстволор аралык көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алган) же каттарды алмашуу аркылуу аларды түзгөн күндөн тартып эки жуманын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.";
19) 30-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө киргендиги жөнүндө, ошондой эле алардын колдонулушун токтото туруу же болбосо мындай келишимдерди денонсациялоо жөнүндө Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, кызыкдар министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына маалымдайт.";
20) 32-берененин 2-5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттик органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын аныктайт.
3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы тарабынан мындай эл аралык келишимдер боюнча кабыл алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат, бул эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасына таандык укуктарды ишке ашырат, ошондой эле көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер боюнча алардын милдеттенмелерин башка тараптар сактоосун жана аткаруусун байкоого алат.
5. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент жана Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.";
21) 33-берененин экинчи абзацында "кабыл алган мамлекеттик орган" деген сөздөр "кабыл алган кызмат адамы же мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 34 жана 35-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоого алуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоого алуу максатында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан жана ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан мындай эл аралык келишимдердин сакталышынын жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты сурап алууга укуктуу.
35-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери башка катышуучулар тарабынан бузулганда көрүлүүчү чаралар
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими боюнча милдеттенмелер башка катышуучулар тарабынан бузулган учурда, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде эл аралык укуктун ченемдерине жана келишимдин өзүнүн шарттарына ылайык зарыл чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды берет.";
23) 36-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор" деген сөздөр "кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Президентке Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге карата;
2) Министрлер Кабинетине - Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык же мамлекеттер аралык, ошондой эле ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге карата.";
24) 38-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар ушул Мыйзамдын 39-беренесин эске алуу менен тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорду камтыган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар алар жактырылгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку Кеңешке киргизилет.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;";
- 6-пунктта "баасы" деген сөз "корутундусу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастаган документтер;";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар аларды тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.";
г) 5-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жогорку Кеңеш, Жогорку соттун атынан сот бийлигинин органдары жана Конституциялык сот төмөнкүлөрдү сунуштоосу мүмкүн:";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени Министрлер Кабинети тарабынан кароону.";
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуш-пикирлери менен макул болгон учурда, тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органына тапшырат же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.";
25) 39-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде - тиешелүү ченемдик укуктук актыны тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде чыгаруу аркылуу, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата;";
26) 40-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр "Тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 4-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |