Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
2025-жылдын 6-августу № 188
Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалымат алууга жана жайылтууга болгон укугунун ишке ашырылышын камсыз кылууга багытталган жана бул укуктар менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) жалпыга маалымдоо - адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн арналган басма сөз, видео-, аудиовизуалдык жана башка билдирүүлөр жана материалдар;
2) жалпыга маалымдоо каражаты - туруктуу аталышы бар мезгилдүү басылма, телеканал, радиоканал, аудио-, видеопрограмма, кинохроникалык программа, тармактык басылма жана жалпыга маалымдоону мезгилдүү жайылтуунун башка формасы;
3) мезгилдүү басылма - туруктуу аталышы, учурдагы номери бар жана бир жылда кеминде бир жолу жарыкка чыгуучу гезит, журнал, бюллетень же башка басылма;
4) аудио-, видео-, кинохроникалык программа - маалыматты мезгилдүү жайылтуунун формасы, ошондой эле туруктуу аталышы бар жана жарыкка (эфирге) бир жылда кеминде бир жолу чыгуучу мезгилдүү видео, аудиовизуалдык кабарлардын жана материалдардын (берүүлөрдүн) жыйындысы;
5) жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясы - мезгилдүү басылманын өзүнчө номердеги тиражы же тиражынын бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын өзүнчө чыгарылышы, программанын аудио- же видеожазууларынын тиражы же тиражынын бөлүгү, тармактык басылманын өзүнчө чыгарылышы же болбосо жаңыланышы, жалпыга маалымдоонун башка каражатынын өзүнчө чыгарылышы;
6) жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын жайылтуу - мезгилдүү басылманы, программанын аудио- же видеожазууларын сатуу, жазылуу, жеткирүү. таратуу, телеканалдын, радиоканалдын берүүсү (телеберүү, радиоуктуруу), телеканалдын, радиоканалдын курамында тиешелүүлүгүнө жараша телепрограмманын, радиопрограмманын берүүсү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, жайылтуунун башка ыкмалары;
7) жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы - жалпыга маалымдоо каражатын өндүрүүнү жана чыгарууну жүзөгө ашыруучу жеке жак (жеке жактар) жана/же юридикалык жак (юридикалык жактар);
8) редактор - өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын алкагында редакциянын ишин жалпы координациялоону, редакцияда белгиленген негизги стандарттарды жана эрежелерди сактоону, редактураны, билдирүүлөргө жана материалдарга адабий түзөтүүлөрдү жүргүзүүчү адам;
9) журналист - жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалыматтарды жыйноо, талдоо, редакциялоо, даярдоо жана жайылтуу менен алектенүүчү чыгармачыл кызматкер;
10) басып чыгаруучу - жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын өндүрүүнү жана чыгарууну материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
11) жайылтуучу - редакция, басып чыгаруучу менен келишимдин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын жайылтууну жүзөгө ашыруучу жак;
12) маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
13) редакциялык саясат - жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынын ишинин ички стандарттары жана жазма буйруктары;
14) тармактык басылма - туруктуу аталышы бар жалпыга жеткиликтүү маалыматтык-телекоммуникациялык Интернет түйүндөрү аркылуу массалык маалыматты электрондук-санарип формасында жайылтуу үчүн багытталган электрондук басылма түрүндө маалымат жайылтуу формасы;
15) жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестри - катталган (кайра катталган) жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;
16) коомдук кызыкчылык - мамлекеттин иштеши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын жана коомдук ишмерлердин ишмердүүлүгү, саясат, саламаттык сактоо, билим берүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо, укук колдонуу жана сот адилеттигин ишке ашыруу, адам укуктарын коргоо, керектөөчүлүк жана социалдык кызыкчылыктар, айлана-чөйрө, экономикалык маселелер, бийлик жүргүзүү, искусство жана маданият, дин, ошондой эле адамдардын кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыгын козгогон же таасири тийген башка маселелер тууралуу маалымат алууда аныкталбаган адамдардын муктаждыгы.
2-берене. Пикир билдирүү эркиндиги, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндиги
1. Кыргыз Республикасында ар бир адам пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигине укуктуу, ал төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун формада пикирин эркин билдирүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай ыкмалар менен маалыматты эркин издөө, тандоо, алуу жана жайылтуу;
3) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары, маалыматты эркин алуу мүмкүнчүлүгү;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын эркин түзүү жана жайылтуу;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине кийлигишүүгө мыйзамдык чектөөлөрдү орнотуу;
6) маалымат булактарын коргоо;
7) цензурага тыюу салуу;
8) жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана алардын монополиялашуусуна жол бербөө;
9) медиасектордо өзүн-өзү жөнгө салуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
2. Кыргыз Республикасында ар бир адамдын пикирин билдирүү эркиндигине, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигине укугу оозеки, жазуу жүзүндө, басма жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасында жалпы маалыматты издөөгө, алууга, өндүрүүгө жана жайылтууга, басма жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө, аларга ээлик кылууга, пайдаланууга жана аларды башкарууга, ошондой эле продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга арналган техникалык каражаттарды жана жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды даярдоого, сатып алууга, сактоого жана пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган учурларды кошпогондо, чектөө коюуга жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге коомдук кызыкчылык жараткан же адамдын мыйзамдуу кызыкчылыгына, укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү маалыматтарды, материалдарды берүүгө милдеттүү.
5. Пикир билдирүү эркиндигин, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин чектөө өзгөчө же согуштук абал учурунда Кыргыз Республикасынын согуштук абал жана өзгөчө абал жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чегинде жол берилет.
3-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ушул Мыйзамдан, "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана аларга ылайык чыгарылуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жактары жана жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары менен бирдей эле ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
4-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик
Жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукция өндүрүү процессине, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражатынын өндүрүүчүсү менен уюштуруучусунун жана (же) редакциясынын (редакторунун) ортосундагы мамилелерге мыйзамсыз тоскоолдук кылуусу же кийлигишүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5-берене. Маалыматты жайылтууга чектөөлөр
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын бийлигин күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн;
2) расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, ошондой эле басмырлоо, кастыкка же зомбулукка тукуруу максатында;
3) терроризмге жана зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүү максатында же болбосо ушул көрүнүштүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты жайылтуу максатында маалыматты, аналитикалык материалдарды жана изилдөөлөрдү жайылтуу учурларын кошпогондо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды камтыган же болбосо терроризмди же зомбулук экстремизмди ачык актаган материалдарды жайылтуу үчүн;
4) порнографияны пропагандалаган, зомбулукту жана мыкаачылыкты актаган материалдарды жайылтуу үчүн;
5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жайылтууга каршы аракеттенүү максатында маалыматтарды, аналитикалык материалдарды жана изилдөөлөрдү же болбосо бул көрүнүштүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу учурларын кошпогондо, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуунун, даярдоонун жана пайдалануунун ыкмалары, методцору, сатып алуучу жерлери жөнүндө маалыматтарды пропагандалоо жана жайылтуу үчүн.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары төмөнкүлөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш:
1) балдардын психикалык же дене боюнун саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматты жайылтууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген же болбосо үчүнчү жактардын конституциялык укуктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, адамдын жеке жашоосу жөнүндө, ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды анын макулдугусуз жайылтууга. Ушул пунктта каралган маалыматтарды таратууда расмий булактарды пайдалануу жана үчүнчү жактарды идентификациялоону болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл, буга коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн аларды идентификациялоо талап кылынган учурлар кирбейт;
3) адамдын күнөөсүздүк презумпциясы принцибин бузган материалдарды жайылтууга;
4) майыптыгы бар адамдарды басмырлоонун белгилерин камтыган маалыматты жайылтууга.
Укук коргоо органдарынын пресс-релиздери аркылуу жайылтылган маалыматтар боюнча дооматтар расмий маалыматты берген укук коргоо органдарынын өздөрүнө коюлат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине чектөөлөр жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аналитикалык материалдарды, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу жөнүндө көйгөйлөр жана фактылар тууралуу маалыматтарды чогултуу, издөө жана таратуу учурларына жайылтылбайт.
6-берене. Маалыматты ачыкка чыгарбоо учурлары
1. Соттон анын өндүрүшүндө турган ишке байланыштуу тиешелүү негизделген жана жүйөлөнгөн талап келип түшкөн учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты маалымат булагын сыр сактоого жана анын атын ачыкка чыгарбоо шарты менен маалымат берген адамды атабоого укуктуу.
2. Ачык сот процессинин жүрүшүндө алынган маалымат жайылтылган учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты укук бузган же укук бузууга шектелген жашы жете электин жеке маалыматтары жөнүндө маалыматты анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ачыкка чыгарууга укуксуз.
7-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын цензурасына тыюу салуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын цензурасына, башкача айтканда, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, мекемелер же коомдук бирикмелер тарабынан жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынан кабарларды жана материалдарды алдын ала макулдашуусун талап кылууга, ага тете кабарларды жана материалдарды же болбосо алардын айрым бөлүктөрүн жайылтууга тыюу салууга жол берилбейт.
2-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттары
8-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын түзүү укугу
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга таандык.
2. Төмөнкүлөр жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло албайт:
1) он сегиз жашка чыга элек, же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан, же болбосо сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын жараны;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан ишмердигине тыюу салынган юридикалык жактар.
3. Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүдө чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга юридикалык жактардын уставдык капиталынын 35 пайызынан ашык акцияларына, үлүштөрүнө, пайларына ээ болууга, пайдаланууга, аларды тескөөгө жана (же) башкарууга тыюу салынат.
9-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу, жалпыга маалымдоо каражатынын ишине түздөн-түз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон башкаруудагы өзгөрүүлөр же корпоративдик кулактандыруулар менен байланышкан учурларды кошпогондо, редакциялык ишке кийлигишүүгө укуксуз. Мындай жарыялоо акысыз жана уюштуруучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
2. Жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусунун билдирүүлөрүн же материалдарын жарыялоо менен байланышкан дооматтар же доолор боюнча жоопкерчиликти уюштуруучу өзү алат.
3. Уюштуруучу редакция, басып чыгаруучу, жайылтуучу жана редакциянын мүлкүнүн менчик ээси катары чыга алат.
10-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору)
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын өндүрүшүн жана чыгарууга (эфирге чыгарууну) даярдоону жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору) болуп жеке же юридикалык жак саналат.
2. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору) өз ишин ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде, ошондой эле уюмдун Уставынын, редакциялык саясатынын жана башка ички жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларды кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясын ал четке каккан материалды ачыкка чыгарууга же болбосо жарыялоого милдеттендирүүгө эч кимдин укугу жок.
11-берене. Редакциялык коллегия (редакциялык кеңеш)
Редакциялык коллегия (редакциялык кеңеш) юридикалык жак болуп саналбаган жана жалпыга маалымдоо каражатынын редакциялык саясатын аныктоого редакция же менчик ээси тарабынан ыйгарым укук берилген кеңеш берүүчү, кеңешүүчү органы болуп саналат.
12-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы
Мезгилдүү басылманын ар бир чыгарылышы чыгыш маалыматтарында төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: уюштуруучу (тең уюштуруучулар) жөнүндө, эгерде уюштуруучу жеке жак болуп саналса - анын фамилиясы, аты, атасынын аты, же болбосо уюштуруучу юридикалык жак болуп саналса - толук фирмалык аталышы, ошондой эле басылманын аталышы, башкы редактордун фамилиясы, аты, атасынын аты, чыгарылыштын катар номери, чыккан датасы, мезгилдүүлүгү, тиражы, редакциянын дареги.
3-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо
13-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты өз ишин каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаты катталды деп эсептелет жана маалыматты жайылтуу укугуна ээ болот.
3. Кыргыз Республикасынын юстициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестрин жүргүзөт.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестринде камтылган маалымат жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
14-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү
Жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) уюштуруучу/тең уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар, эгерде бул жеке жак болсо - уюштуруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, же болбосо уюштуруучу юридикалык жак болсо - толук фирмалык аталышы, ошондой эле арыз ээсинин дареги;
2) жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы;
3) редакциянын дареги;
4) жалпыга маалымдоо каражатынын түрү;
5) Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы веб-сайттын домендик аты, бар болгон учурда.
15-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусун алмаштыруу, уюштуруучулардын курамын, ошондой эле аталышын өзгөртүү аны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат.
Кайра каттоо жол-жобосунан өтүү убагында жалпыга маалымдоо каражатынын иши токтотулбайт.
2. Жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо аны каттоо тартибиндегидей эле жүзөгө ашырылат.
3. Редакциянын жайгашкан жери, же болбосо Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы тармактык басылманын веб-сайтындагы домендик аты өзгөргөндө, уюштуруучу бир айдын ичинде бул тууралуу Кыргыз Республикасынын юстициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
16-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоодон бошотуу
Төмөнкүлөрдү мамлекеттик каттоо талап кылынбайт:
1) бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, билим берүү уюмунун, менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, уюмдун, мекеменин аймагында жайылтуучу мезгилдүү басылмаларды, радио- жана телепрограммаларды;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын расмий билдирүүлөрүн жана материалдарын, ченемдик укуктук актыларын басып чыгаруу максатында гана уюштурулган жалпыга маалымдоо каражаттарын.
17-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу
1. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоодон төмөнкүлөрдүн негизинде гана баш тартылышы мүмкүн:
1) арыз ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражатын уюштуруу укугуна ээ болбогон жеке жактын, жарандардын бирикмесинин, юридикалык жактын атынан берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын юстициясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаты ошол эле аталыш менен мурда катталганда.
2. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлама Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө ушул Мыйзамда каралган баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз ээсине жөнөтүлөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз каралбастан кайтарып берүүнүн төмөнкүдөй негиздерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө арыз ээсине кайтарылат, эгерде:
1) арыз ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен берилсе;
2) арыз уюштуруучунун атынан мындай ыйгарым укуктары жок жак тарабынан берилсе;
3) мамлекеттик алым төлөнбөсө.
Бузуулар четтетилгенден кийин арыз кароого кабыл алынат.
4. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздан баш тартуу же кайтарып берүү тууралуу юстиция органдарынын чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишин уюштуруу
18-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынын статусу
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясын өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын, уставдын, уюштуруучу менен редакциянын (редактордун) ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашыруучу редактор жетектейт.
2. Редактор уюштуруучу, басып чыгаруучу, жайылтуучу, жарандар, жарандардын бирикмелери, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик органдар менен болгон мамилелерде, ошондой эле сотто редакциянын атынан чыгат. Ал жалпыга маалымдоо каражатынын ишине карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында коюлган талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик алат.
19-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишин токтотуу жана токтото туруу
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо соттун чечими боюнча гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн.
2. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишин сот тарабынан токтотуу үчүн негиз болуп он эки айдын ичинде редакция тарабынан ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарынын бир нече жолу (үчтөн ашык жолу) бузулуусу, аларга карата маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштуруучуга жана (же) редакцияга (редакторго) жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилип, алар аткарылбаган бузуулар саналат.
5-глава. Жалпыга маалымдоону жайылтуу
20-берене. Жалпы маалымдоону жайылтуу
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы материалдарда жана кабарларда көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Мезгилдүү басылманын тиражы редактор тарабынан басып чыгаруучу менен макулдашуу боюнча аныкталат.
21-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын милдеттүү билдирүүлөрү
1. Жалпыга маалымдоо каражаты мыйзамдуу күчүнө кирген, анда бул чечимди жарыялоо талабы камтылган соттун чечимин акысыз жана белгиленген мөөнөттө жарыялоого милдеттүү.
2. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын билдирүүлөрүн ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын согуштук абал, өзгөчө абал жөнүндөгү мыйзамдарында жана жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жарыялоого милдеттүү.
22-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнаманы жайылтуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнаманы жайылтуу жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар менен болгон мамилелери
23-берене. Маалымат алуу укугу
1. Жарандар, мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин, алардын кызмат адамдарынын иши жөнүндө анык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ыкчам алууга укуктуу.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер, алардын кызмат адамдары өздөрүнүн иши жөнүндө маалыматтарды алардын суроо-талаптары боюнча үч жумуш күнүнүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле басма сөз жыйындарын өткөрүү, маалымдама жана статистикалык материалдарды жөнөтүү жолу менен жана башка формаларда беришет.
3. Редакциялардын суроо-талаптары боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өздөрүнүн иши жөнүндө маалымат берүүсү, эгерде мындай мамилелер жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаса, маалымат алууну камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер, алардын кызмат адамдары өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана согуштук абал учурларында маалыматты бирдей алуу шарттарында ыкчам маалыматты менчигинин түрүнө карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарына берүүгө милдеттүү.
24-берене. Маалыматты сурап алуу
1. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин, алардын кызмат адамдарынын иши жөнүндө маалымат сурап алууга укуктуу. Маалыматты сурап алуу оозеки же жазуу жүзүндө болушу мүмкүн.
2. Сурап алууга жооп ал келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, эгер сурап алуу өзүндө башкача көрсөтүлбөсө, сурап алуу келип түшкөн формада жана тилде берилет.
3. Суралуучу маалымат бир нече маалымат ээлеринин компетенциясына кирген жана маалыматтын башка ээлеринен кошумча маалымат алуу талап кылынган учурларда сурап алууну кароо мөөнөтү маалымат ээсинин жетекчиси тарабынан он төрт календардык күндөн көп эмес убакытка бир жолу узартылышы мүмкүн, бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражатына кароо мөөнөтү узартылган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде кабарланат.
4. Жалпыга маалымдоо каражатынын сурап алуусуна жооп бербегендиги же убагында жооп бербегендиги үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
25-берене. Маалымат берүүдөн баш тартуу
1. Эгер анда мамлекеттик, коммерциялык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен атайын корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар камтылса, жалпыга маалымдоо каражатына суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу мүмкүн. Баш тартуу жөнүндө билдирүү жазуу жүзүндө сурап алуу алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө редакциянын өкүлүнө тапшырылат.
2. Кабарламада суралган маалыматтын берилиши мүмкүн болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерине шилтеме берүү менен жазуу жүзүндө жүйөлүү негиздеме көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү тарабынан "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
26-берене. Автордук чыгармалар жана каттар
1. Жалпыга маалымдоо каражаты пайдаланылган чыгармаларга, анын ичинде автордук, басма жана башка интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды сактоого милдеттүү. Автор же укук ээси тарабынан редакцияга берилген чыгарманы пайдалануу интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылуусу керек.
2. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясына даректелген кат, эгерде мында каттын мааниси сакталса жана ушул Мыйзамдын жоболору сакталса, ошол жалпыга маалымдоо каражатынын билдирүүсүндө жана материалдарында пайдаланышы мүмкүн. Редакция жарандардын каттарына жооп берүүгө жана аларды кароо компетенциясына кирген органдарга, уюмдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүүгө милдеттүү эмес.
3. Жалпыга маалымдоо каражатын ал тарабынан четке кагылган чыгармаларды, каттарды, билдирүүлөрдү же материалдарды жарыялоого милдеттендирүүгө эч кимдин укугу жок.
27-берене. Төгүндөө укугу
1. Жеке же юридикалык жак чындыкка дал келбеген же анын абийирине, ар-намысына жана ишмердик беделине шек келтирген жарыяланган маалыматтарды төгүндөөнү жалпыга маалымдоо каражатынан талап кылууга укуктуу.
2. Жалпыга маалымдоо каражатында укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын басмырланган маалыматтар жарыяланган жеке же юридикалык жак ошол эле жалпыга маалымдоо каражатында өзүнүн жообун жарыялоого укуктуу.
3. Төгүндөө же жооп атайын рубрикада же болбосо ошол эле тилкеде жана ошол эле төгүндөлүүчү билдирүү басылган шрифт менен: гезиттерде - талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, башка мезгилдүү басылмаларда - кезектеги чыгарылышында жарыяланат. Төгүндөөнү жарыялоодон баш тартылган учурда кызыкдар тарап сотко кайрылууга укуктуу.
4. Эгерде жеке же юридикалык жак төгүндөөнүн текстин берсе, бул текст ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келгенде ал жайылтылууга тийиш.
7-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эл аралык кызматташтык
28-берене. Эл аралык кызматташтык
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Редакциялар, журналисттердин кесиптик бирикмелери жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эл аралык кызматташтыкка чет мамлекеттердин жарандары жана юридикалык жактары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен макулдашуулардын негизинде катышат.
3. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары тиешелүү келишимдердин негизинде башка чет мамлекеттерде өзүнүн өкүлчүлүктөрүн уюштурууга укуктуу.
29-берене. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматын жайылтуу
Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүн жана материалдарын тоскоолдуксуз алууга кепилдик берилет.
30-берене. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары
1. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрү маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен түзүлөт. Уруксат алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
31-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отуз күндүн ичинде аткарылууга тийиш болгон ушул Мыйзамды бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертүүсү жана башка актылары "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Даттануу болгон учурда эскертүүнү жана башка актыларды аткаруу токтотулуп турат.
32-берене. Жоопкерчиликтен бошотуу
Редакция, редактор, журналист чындыкка дал келбеген же жеке жана юридикалык жактардын ар-намысына жана кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирген, же болбосо жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинткен, же болбосо балдардын жана жашы жете электердин ден соолугуна жана (же) өнүгүүсүнө зыян келтирген, же болбосо жалпыга маалымдоо эркиндигин жана (же) журналисттин укуктарын кыянаттык менен пайдаланган маалыматтарды жайылткандыгы үчүн төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартпайт, эгерде алар:
1) расмий документтерде жана билдирүүлөрдө камтылса;
2) мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;
3) эл алдында сүйлөгөн сөздөрдүн сөзмө-сөз берилиши болуп саналса;
4) жарандардын алдын ала жаздыруусуз жүргүзүлгөн эфирде сүйлөгөн сөздөрүндө камтылса;
5) жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталышы жана ушул бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон башка жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жайылтылган билдирүүлөрдүн жана материалдардын же алардын фрагменттеринин сөзмө-сөз берилиши болуп саналса.
33-берене. Өз пикирин билдирүү эркиндигин, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигин кысымга алгандыгы үчүн жоопкерчилик
Өз пикирин билдирүү сөз эркиндиги жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигин кысымга алуу, башкача айтканда, жеке жана юридикалык жактар, кызмат адамдары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучуларынын, редакцияларынын, басып чыгаруучуларынын жана продукцияларды жайылтуучуларынын, ошондой эле журналисттердин мыйзамдуу ишине ар кандай тоскоолдук кылуу, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу:
1) цензура жүргүзүү;
2) редакциянын ишине кийлигишүү жана кесиптик өз алдынчалыгын бузуу;
3) жалпыга маалымдоо каражатынын ишин мыйзамсыз токтотуу же болбосо токтото туруу;
4) редакциянын маалыматты сурап алуу укугун бузуу;
5) тиражды же анын бир бөлүгүн мыйзамсыз алуу же болбосо жок кылуу;
6) журналистти маалыматты жайылтууга же жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо;
7) мамлекеттик, коммерциялык же атайын мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды берүүнү кошпогондо, журналист менен байланышууга жана ага маалымат берүүгө чектөөлөрдү белгилөө;
8) журналисттин ушул Мыйзамда белгиленген укуктарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
9-глава. Корутунду жоболор
34-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-ХII Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99);
2) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-XII токтому ("Эркин Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99);
3) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 8-майындагы № 1228-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 169-ст.);
4) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясындагы "расмий документтер жана билдирүүлөр" жана "эл алдында чыгып сүйлөөлөр" деген терминдерди расмий чечмелөө тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-октябрындагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 3, 87-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 2, 128-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 69 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-жыл, № 5, 384-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-январындагы № 1 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 1, 1-ст.);
8) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-майындагы № 94 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 5, 412-ст.);
9) "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 22-майындагы 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2018-жыл, № 5, 286-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 28-апрели, № 35-36);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |