Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 14-декабры № 34

 

Таза суу акысынын төлөмү тууралуу

 

Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңеши “Таза Кызыл-Дыйкан” муниципалдык ишкананын жетекчиси В.А. Сасыбаевдин Петропавловка айлынын таза суу маселеси жана таза суу акысынын төлөмүн жогорулатуу тууралуу баяндамасын угуп, талкуулап чечим кылат:

 

Токтом:

 

1. Петропавловка айлында айыл тургундарынан киши башына төлөнүүчү таза суу акысы 2024-жылдын 1-январынан баштап 40 (кырк) сомдон 60 (алтымыш) сомго жогорулатылсын.

2. “Таза Кызыл-Дыйкан” муниципалдык ишкананын жетекчиси В.А. Сасыбаев ушул токтомду жетекчиликке алсын жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө, муниципалдык ишканага.

 

 

Кызыл-Дыйкан

айылдык Кеңешинин төрагасы

 

Дженишбеков Т.Д.