КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 28
Кызыл-Дыйкан айыл аймагына зоналдык коеффицентти киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404 ст. 4-5 п. ылайык жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы М.А. Токчулуковдун маалыматын угуп, талкуулап сессиянын отуруму токтом кылат:
1.2024-2025-жылга карата зоналдык коэффицент К-1,2 болуп бекитилсин.
2. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү милдети бюджет боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө.
Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин төрагасы |
| Дженишбеков Т.Дж. |