АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз биринчи сессиясы
2024-жылдын 15-апрели № 1
Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,айылдык кеңештин төрагасы Машрапов Салижандын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 01.04.2024-жылдын №117-р буйругунун негизинде Кара-Суу районунун Барак айылынын жашоочуларынын башка жакка көчүрүү, жайгаштыруу, чечүү максатындагы маселесин карап чыгып,айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Мамлекеттик проектик институтунун шаар куруу жана архитектурасы тарабынан 2024-жыл ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Барак айылына ПДП менен биргеликте 38 га аянтка иштелип чыккан башкы проектини бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |