Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-июлу № 159
2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен "Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ("Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен "Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ("Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө "Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |