АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз биринчи сессиясы
2024-жылдын 15-апрели № 2
Ала-Тоо айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүү үчүн штат бирдигин кароо жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 5-тиркемесинин негизинде жергиликтүү кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүү үчүн штаттык бирдигин кароо жөнүндө маалыматын угуп,айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир штаттык бирдигин берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |